76-берене. Фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатууда бааларды жөнгө салуунун белгиленген эрежелерин бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195
1. Чекене сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Дүңүнөн сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал, аскердик абал шартында жана (же) айланасындагыларга коркунуч жараткан оорунун жайылуу коркунучу жаралган учурда, ошондой эле чектөөчү экономикалык чаралар киргизилген шарттарда киргизилген дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декбрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
06.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө же согуштук абал режими мезгилинде кошулду: Фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алынып салынды: жогорулатылган баада сатуу
Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режими мезгилинде кошулду: сатууда бааларды жөнгө салуунун белгиленген эрежелерин бузуу
1. Чекене сатууда дары алынып салынды: каражаттарын кошулду: каражаттарына жана медициналык алынып салынды: буюмдарды жогорулатылган баада сатуу –
кошулду: буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга алынып салынды: 280 кошулду: 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
кошулду: 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Дүңүнөн сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал, аскердик абал шартында жана (же) айланасындагыларга коркунуч жараткан оорунун жайылуу коркунучу жаралган учурда, ошондой эле чектөөчү экономикалык чаралар киргизилген шарттарда киргизилген дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декбрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-76" title="76-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>