346-берене. Лотереялык жана оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдарды бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 35-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 186
1. Лотереялык компаниянын лотереялык иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу -
юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Оюн-зоок ишин уюштуруучунун оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу, эгерде бул аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилерди камтыбаса, -
юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу -
юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Оюн-зоок жана лотерея ишине контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына ишенимсиз (жалган) маалыматты же документтерди берүү, же болбосо маалыматты же документтерди берүүдөн баш тартуу -
лотерея ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Оюн-зоок жана лотерея ишине контролдуу жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук кылуу, ага тете лотерея жана оюн-зоок ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдары өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алардын талаптарын лотерея, оюн-зоок ишинин субъектисинин кызмат адамынын аткарбай коюшу же кароосуз калтырышы -
лотерея ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Лицензиясыз (уруксатсыз) оюн-зоок ишин уюштуруу үчүн жайларды берүү, -
жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
346-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 186 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2022 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам игорной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
10.10.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же алынып салынды: аткарбоосу кошулду: аткарбоосу, эгерде бул аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилерди камтыбаса, -
юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул … 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
кошулду: 6. Лицензиясыз (уруксатсыз) оюн-зоок ишин уюштуруу үчүн жайларды берүү, -
жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № алынып салынды: 51 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 51, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-346" title="346-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>