16-берене
Күчүндө · 28.10.2021 редакциясы
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын 2-5-беренелери аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
1) мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында ченемдик укуктук актыларды Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Жаза аткаруу кодексине, «Пробация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Жаза аткаруу кодексине, «Пробация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүнү карап чыксын;
3) 2021-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жоболорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды бөлүүнү карасын.
4. Укук коргоо, сот органдары, прокуратура органдары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар жаңы кодекстер күчүнө кирген учурдан тартып ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын алардын талаптарына ылайык келтиришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти ушул Мыйзамдын 14-беренесин ишке ашырууну камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 22-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз…Постановление · 29.07.2022 · № 409 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112305/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>