4-берене
Күчүндө · 28.10.2021 редакциясы
«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда тараптардын аткаруу өндүрүшү боюнча арыздарын жана өтүнүчтөрүн кароого жана алар боюнча токтом кабыл алууга;»;
2) 17-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же мүлктүк өндүрүп алуу бөлүгүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан чыгарылган, анын ичинде электрондук документ түрүндө таризделип, юридикалык күчү укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук кол коюусу менен ырасталган токтомдор;»;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Көчүрмөлөр аткаруу документтери болуп саналбайт, буга ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар кирбейт.»;
3) 18-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
– биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Сот аткаруучунун токтомун, соттук буйрукту, укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча токтомду жана алименттерди төлөө жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган макулдашууну кошпогондо, аткаруу документинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:».
– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) өндүрүп алуучу - жеке жактын жана карызкор - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (турган) жери жана/же иштеген жери, эгерде ал белгилүү болсо, карызкор - жеке жактын ИЖНи, карызкор - юридикалык жактын – ИСНи, эгерде алар белгилүү болсо, карызкор-жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосунун датасы жана орду;»;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомдун мазмуну Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси менен аныкталат.»;
4) 21-берененин 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эгерде аткаруу иш-аракеттери жасалса, ал эми мажбурлап өндүрүп алуу чаралары 22 саат өткөндөн кийин колдонулса, анда сот аткаруучу бул жөнүндө улук сот аткаруучуга жазуу жүзүндө, же электрондук, уюлдук байланыш аркылуу кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирет.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Ушундай эле учурларда улук сот аткаруучуда турган аткаруу өндүрүшү боюнча ал ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте жогору турган сот аткаруучуга билдирет.»;
5) 23-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот аткаруучунун токтому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, сот аткаруучунун электрондук колу коюлган электрондук документтин форматында кабыл алынышы мүмкүн жана электрондук почта аркылуу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдарга жиберилет.»;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот аткаруучунун токтому ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде аткаруу өндүрүшүнө катышкан тиешелүү адамдарга жөнөтүлөт.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын өтүнүчтөрү жана арыздары сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө келип түшкөн күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш.»;
6) 24-берененин 2-пунктундагы «жана калыс-күбөлөр» деген сөздөр «калыс-күбөлөр, жооптуу мүлк сактоочулар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Токтомдун көчүрмөсү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт.»;
8) 33-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Эксперт билип туруп жалган корутунду бергени үчүн, ал эми адис - билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган жоопкерчиликти тартат.»;
9) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «алты айдын» деген сөздөр «үч жылдын» деген сөздөргө алмаштырылсын; «жана актылары» деген сөздөр алып салынсын;
10) 39-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилген учурда, аталган аткаруу документтери соттун тиешелүү аткаруу документин аткаруу үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө чечими чыккан күндөн тартып үч айдын ичинде аткарууга берилет.»;
11) 40-беренеде:
а) «төрт» жана «эки» деген сөздөр тийиштүү түрдө «алты» жана «төрт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Ушул беренеде белгиленген мөөнөттөр мезгилдүү өндүрүп алуулар жөнүндө аткаруу документтерин аткарууда колдонулбайт.»;
12) 49-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) айыпты өндүрүү жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи ушул Мыйзамдын 94 жана 95-беренелеринде коюлган талаптарга жооп бербесе.»;
б) 3-бөлүгү «10» деген цифрадан кийин «, 11» деген сөздөр менен толукталсын;
13) 50-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Маалыматта Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык карызкор анык эмес билдирүүлөрдү, толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды бергендиги, ушуга тете маалыматтарда көрсөтүлгөн мүлктү ажыраткандыгы жана/же коромжу кылгандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет.»;
14) 51-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруу документтеринин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында сот аткаруучу ыктыярдуу аткаруу жөнүндөгү сунуш тапшырганга чейин жана ал мөөнөттүн ичинде камсыз кылуу мүнөзүндөгү төмөнкүдөй аткаруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырат:»;
– 4 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызынын негизинде жана ушул чараны кабыл албоо андан аркы аткарууга мүмкүндүк бербей турган жагдайлар болгондо гана жасоого укуктуу.»;
15) 52-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкор - жеке жактын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан карызкор - юридикалык жактын жетекчисине Кыргыз Республикасынан чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат, ага ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.»;
б) 3-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Карызкордун чыгып кетишине убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом төмөнкү учурлардын бири болгондо гана жокко чыгарылат: аткаруу документи толук көлөмдө аткарылганда; өндүрүп алуучунун арызы боюнча; аткарылган күнгө карата алименттик милдеттенмелер боюнча карызды толугу менен төлөгөндө; аткарылган күнгө карата мезгилдүү төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча карыз толугу менен жоюлганда; аткаруу өндүрүшү кыскартылганда.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Алименттик милдеттенмелер боюнча жана мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча карызкордун чыгып кетишине чектөө коюу карыз бар болгон учурда гана мүмкүн.»;
16) 55-беренеде:
а) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Карызкордун кыймылсыз мүлкүнө камак салуу сот аткаруучунун токтомунун негизинде жүргүзүлөт, ал каттоочу мамлекеттик органга жиберилет. Кыймылсыз мүлктү камак салуу жөнүндө токтом аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.»;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
«8. Камак салуу ушул Мыйзамдын 111-беренесинде жана 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 8-пункттарында каралган учурларда же өндүрүп алуучунун арызы боюнча сот аткаруучунун токтомунун негизинде жокко чыгарылат. Камак салууну жокко чыгаруу же камак салууну жокко чыгаруудан баш тартуу жөнүндө токтом аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына, тиешелүү органдарга жиберилет жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.»;
17) 56-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү «соттук актынын негизинде» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөрдөгү «соттук акты» жана «соттук актыны» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «токтом» жана «токтомду» деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 58-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Дебитордук карызды камакка алуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат жана акт түзөт, аларда дебитордук карыз бар экенин ырастоочу документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн документтерди алып коюу жана аларды сактоого өткөрүп берүү жүргүзүлөт.»;
19) 61-беренеде:
а) 2-бөлүктүн биринчи – үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Сот аткаруучу жазуу жүзүндө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жазуу жүзүндөгү билдирүү алган учурдан баштап беш жумушчу күндүн ичинде өзүнүн баалоочусун сунуштоо тууралуу алардын укугун, ошондой эле баалоочуну тартуу жана баалоочунун кызматын төлөө боюнча чыгымдар баалоочуну сунуш кылган аткаруу өндүрүшү тарабынан жүргүзүлө тургандыгын түшүндүрөт. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн тараптары өздөрүнүн баалоочуларын көрсөтпөсө, анда сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын ал тарабынан дайындалган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү баалоо боюнча кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзгөн баалоочуга же баалоочу уюмга жиберет, мында төмөнкүлөр жөнүндө эскертет:
- баалоочу катары тартылган экспертти, - корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчилиги жөнүндө;»;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Бир нече баалоочулар тартылган жана баалоочулардын бир нече корутундусу же көрсөтмөсү алынган учурда, сот аткаруучу баалоочулардын корутундуларынын же көрсөтмөлөрүнүн негизинде баалоо объектисинин орточо наркын аныктайт жана тиешелүү токтом кабыл алат, ал аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет. Баалоо объектисинин орточо наркы жөнүндө токтомду алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде, тараптар же аткаруу өндүрүшүнүн тарабы сот аткаруучуга баалоо объектисинин орточо наркы менен макул эместигин билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын жана алынган баалоолорду алар дайындаган, мажбурлап аткаруу органы менен баалоо кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн баалоочуга же баалоочу уюмга жиберет.»;
20) 65-берененин 4-бөлүгүндөгү «, чарба жүргүзүү жана/же оперативдүү башкаруу укугунда» деген сөздөр алып салынсын;
21) 66-беренеде:
а) 1 - 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда бандалсын:
«1. Карызкордун улуттук валютадагы жана чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттарын, анын ичинде сейфтерде, карызкордун - юридикалык жактын кассасында, карызкордун - юридикалык жактын башка жайларындагы же болбосо банктарда, финансы-кредиттик мекемелерде сакталган акча каражаттары камакка алынат жана алып коюлат. Алып коюлган накталай акча каражаттары алынган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнүн депозиттик эсебине (мындан ары - депозиттик эсеп) которуу үчүн банкка тапшырылат.
2. Карызкордун эсептеринен акча каражаттарын чегерүү аткаруу документинин, сот аткаруучунун токтомунун негизинде банк же башка финансылык-кредиттик мекеме тарабынан жүргүзүлөт жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүүнү талап кылбайт.
3. Эгерде акчалай каражаттар карызкордун бир нече эсептеринде бар болсо, анда сот аткаруучу токтомдо кайсы эсептен жана канча көлөмдө акчалай каражаттар эсептен чыгарылууга тийиш экендигин көрсөтөт.
Эгерде карызкордун эсептериндеги акчалай каражаттарга камак салынган болсо, анда сот аткаруучу токтомдо карызкордун акчалай каражаттарынан ал тарабынан салынган камак кандай көлөмдө жана тартипте алынарын көрсөтөт. Банк, финансы-кредиттик мекеме токтомду алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аталган токтомдун аткарылгандыгы жөнүндө сот аткаруучусуна билдирүүгө милдеттүү.»;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда бандалсын:
«5. Эгерде карызкордун эсептеринде акчалай каражаттар жок болсо же болбосо аталган эсептерде турган акчалай каражаттарга камак салынган болсо же мыйзамда белгиленген тартипте акчалай каражаттар менен операциялар токтотулса, банк, финансы-кредиттик мекемелер аткаруу документин толугу менен аткарбай кое алышат.»;
в) 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Банк же башка финансы-кредиттик мекеме жүргүзүлгөн которуулар жөнүндө токтоосуз сот аткаруучуга маалымдайт.»;
г) 7-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 70-берененин биринчи абзацындагы «, чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда» деген сөздөр алып салынсын;
23) 78-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрдөгү «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Адистештирилген уюм сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында, ал эми сот аткаруучу тооруктарда сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырууга милдеттүү.»;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакция баяндалсын:
«3. Дебитордук карызды сатуу 74-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда тооруктарды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Жаныбарларды сатуу ушул Мыйзамдын 801-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
24) төмөнкүдөй мазмундагы 801-берене менен толукталсын:
«801-берене. Жаныбарларды сатуунун тартиби
1. Карызкорго таандык болгон, камакка алынган жаныбарларды сатуу адистештирилген уюм (мал базарлар, ж.б.) тарабынан жүзөгө ашырылат. Жаныбарларды сатуу үчүн адистештирилген уюмга өткөрүп берүүдө сот аткаруучу кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт.
2. Адистештирилген уюм сатып алуучуларга мүлктү сунуш кылган баа адистин баалоосунда көрсөтүлгөн жаныбарлардын наркынан төмөн болбошу керек.
3. Эгерде карызкорго таандык жаныбар адистештирилген уюм иштеген күнү сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга бул жаныбарды адис белгилеген баада өзүнө калтырууну сунуш кылат.
Эгерде бул баа аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучуга төлөнүүчү суммадан ашык болсо, анда өндүрүп алуучу депозиттик эсепке тиешелүү айырманы ошол эле убакта төлөгөн (которгон) шартта сатылбаган жаныбарды өзүндө калтырууга укуктуу. Мындай учурда айырма бир жумушчу күндүн ичинде депозиттик эсепке чегерилүүгө тийиш. Эгерде өндүрүп алуучу тарабынан депозиттик эсепке тиешелүү айырма төлөнбөсө, анда жаныбар карызкорго кайтарылууга жатат, ал эми аткаруу документ өндүрүп алуучуга аткарылбастан кайтарылып берилет.
4. Сот аткаруучу тарабынан карызкорго таандык жаныбарды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
5. Бир кезекте турган бир нече өндүрүп алуучу бар болсо жана адистештирилген уюм тарабынан жаныбар сатылбаган болсо, жаныбарды өзүнө калтыруу жөнүндө сунуштар ушундай өндүрүп алуучуларга сот аткаруучулары тарабынан сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезекке ылайык жөнөтүлөт. Бул учурларда жаныбарды өткөрүп берүү тартиби ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган эрежелер боюнча ишке ашырылат.
6. Жаныбар башка кезекке тургандарга төмөнкүдөй сунушталат:
1) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүп алуучулар жаныбарды өзүнө калтыруудан баш тарткан учурда;
2) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүп алуучулар тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тиешелүү айырманы депозиттик эсепке төлөбөгөн (которбогон) учурда.
7. Өндүрүп алуучулардын сатылбаган жаныбарды өздөрүнө калтыруу жөнүндө чечими жок болгон учурда, жаныбар карызкорго кайтарылып берилет, ал эми аткаруу документи аткарылбастан өндүрүп алуучуга кайтарылат.
8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн токтомдордун көчүрмөлөрү, алар чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт.»;
25) 83-беренеде:
а) аталышындагы, 1-бөлүгүндөгү «кабарлоо», «Кабарлоо» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «жарыялоо», «Жарыялоо» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 84-беренеде:
а) расмий тилдеги тексттеги 4-бөлүгүнүн 1-пунктундагы «дать» деген сөз «подать» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бул маалымат жарыялангандан кийин, сот аткаруучу аукциондун башталгандыгын жарыялайт жана аукциондун катышуучуларын баа өзгөртүүнүн бир кадамына баштапкы бааны жогорулатуу менен мүлктү сатып алууну сунуштайт. Сот аткаруучу өзүнүн аукциондук номерин биринчи болуп көтөргөн жана сот аткаруучу жарыялаган бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусун аныктайт. Андан кийин сот аткаруучу мүлктү жаңы жарыяланган, б.а. акыркы жарыяланган баадан бир кадамга бааны жогорулатуу менен сатып алууну сунуш кылат. Аукцион бир гана катышуучу сот аткаруучу жарыялаган жаңы баада мүлктү сатып алууга макул болгонго чейин улантылат. Сот аткаруучу мүлктүн жаңы баасын жана ушул катышуучунун номерин үч жолу атап, аны сатып алуучу деп жарыялайт. Эгерде аукцион башталгандан кийин жана сот аткаруучу мүлктүн биринчи баасын жарыялагандан кийин (б.а. мүлктүн баштапкы баасын 2 пайызга жогорулатуу менен) аукциондук номерин аукциондун бир гана катышуучусу көтөрсө, анда сот аткаруучу бул катышуучунун номерин үч жолу атап, аны сатып алуучу деп жарыялайт.»;
в) 10-бөлүгүндөгү «көчүрмөсүн» деген сөз «нускасын» деген сөзгө алмаштырылсын;
27) 85-берененин 5-бөлүгүндөгү «3 жана 4-пункттарында» деген сөздөр «2, 3 жана 4-пункттарында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 87-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Карызкордун мүлкүн өзүндө калтыруу боюнча өндүрүп алуучунун (өндүрүп алуучулардын) чечими жок болсо жана башка өндүрүп алуучу (башка өндүрүп алуучулар) болбосо, сот аткаруучу он күндүн ичинде мүлктүн биринчи тоорукта белгиленген баштапкы баасы менен аукцион кайрадан өткөрүлө тургандыгы жөнүндө жарыялайт.»;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кайрадан өткөрүлүүчү аукцион ушул Мыйзамдын 83 жана 84-беренелеринде белгиленген тартипте өткөрүлөт.»;
в) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 4-бөлүгүндөгү «Мүлктүн алгачкы наркын төмөндөтүү ыкмасын колдонуу менен» деген сөздөр алып салынсын;
29) 88-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кайрадан өткөрүлгөн аукцион ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча сот аткаруучу тарабынан өткөн жок деп табылат. Кайрадан өткөрүлгөн аукцион өткөн жок деп жарыяланган учурда, мүлк сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучуга же өндүрүп алуучуларга кайрадан өткөн аукциондо белгиленген баадан он пайызга төмөн баада сунушталат. Карызкордун сатылбаган мүлкүн калтыруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу карызкордун мүлкүн калтыруудан баш тартуунун же болбосо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө сунушка жооп жибербөөнүн кесепеттерин өндүрүп алуучуга түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунуш келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде сот аткаруучуну сатылбаган мүлктү өзүнө калтыруу чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Эгерде бир кезекте турган бир нече талапкер бар болсо, анда сот аткаруучу тарабынан сунуштар сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезегине ылайык өндүрүп алуучуларга жөнөтүлөт. Мүлктү өзүнө калтырган өндүрүп алуучу беш күндүк мөөнөттө өткөрүп берилип жаткан мүлктүн баштапкы баасынын суммасы менен анын үлүшүнө туура келген сумманын ортосундагы айырманы талаптарды канааттандыруунун белгиленген кезектүүлүгүн сактоо менен түзүлгөн ар бир өндүрүп алуучуга тиешелүү болгон сумманын эсебинен депозиттик эсепке которууга тийиш.»;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот аткаруучу сатылбаган мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат.»;
30) 89-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы «талаптарга» деген сөздөн кийин «жана сот аткаруучунун тапшырмаларына» деген сөздөр менен толукталсын;
31) 90-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен, анын ичинде интеллектуалдык иштин натыйжаларынын авторлоруна берилүүчү сыйакыдан кармап калуунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар кармалгандан кийин жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин калган суммадан эсептелет.»;
32) 94-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«94-берене. Кылмыш жасагандыгы үчүн жаза катары дайындалган айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби
1. Кылмыш үчүн дайындалган айып ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча аткарылат.
2. Айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу барагы айып түрүндө жаза дайындоо жөнүндө өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин сот тарабынан сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлөт.
3. Өзүнүн өндүрүшүнө айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу барагын кабыл алып, сот аткаруучу карызкорго (соттолгон адамга) айыпты төлөбөй коюунун кесепеттерин бир эле учурда түшүндүрүү менен, өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин айыпты төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоо тапшырат.
4. Кабарлоо ушул Мыйзамдын 45-беренесинде белгиленген эрежелер боюнча карызкорго тапшырылат же жөнөтүлүшү мүмкүн.
5. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген айыпты төлөө үчүн мөөнөт аяктагандан кийин, сот аткаруучуда карызкор тарабынан тиешелүү акчалай сумма төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жок болсо, анда ал сот актысын чыгарган сотко жаза катары дайындалган айыпты эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Сунуш менен бирге сотко аткаруу барагы кайтарылат.»;
33) 95-берене төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын:
«95-берене. Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби
1. Мүлктү конфискациялоо аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү карызкордон же башка жактардан мажбурлоо менен акысыз алып коюуну жана аны мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүнү өзүнө камтыйт.
Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи менен бирге сот аткаруучулар бөлүмүнө өкүмдүн көчүрмөсү жөнөтүлөт. Сот аткаруучу мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин алган күндөн тартып өкүмдө көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет. Эгерде сот аткаруучуга конфискациялануучу мүлк көрсөтүлбөгөн мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу баракчасы келип түшсө, анда сот аткаруучу мындай аткаруу баракчасын кабыл алуудан баш тартат жана аны өкүм чыгарган сотко кайтарат.
2. Конфискацияланган мүлктү алардын компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү, конфискацияланган мүлк турган жерде кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча көрсөтүлгөн мүлккө сот аткаруучу тарабынан салынган камакка алууну алып салгандан кийин жана башка органдар тарабынан салынган камакка алуу алынбастан жүргүзүлөт.
Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи бешинчи кезектеги талап болуп саналат жана ушул Мыйзамдын 107-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген биринчи-төртүнчү кезектеги өндүрүп алуучулардын талаптары канааттандырылгандан кийин аткарылууга тийиш.
3. Конфискацияланган мүлктү алуудан, аткаруу документин кайра чакыртып алуудан жана карызкор менен жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тарткан укуктарды кошпогондо, конфискацияланган мүлк өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өндүрүп алуучунун укугуна ээ.
4. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуусу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
5. Мүлктү конфискациялоо (карызкордун банктардагы эсептерде жана салымдарда турган акча каражаттарын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунда турган карызкордун баалуу кагаздарын жана акча каражаттарын кошпогондо) сот аткаруучу тарабынан калыс-күбөлөрдүн катышуусунда жана мүлктү тизмектөө актысын түзүү жана алып коюу менен жүргүзүлөт.
6. Акча каражаттарын конфискациялоодо сот аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, финансы-кредиттик мекемеге жиберет. Токтомдо акча каражаттары которулууга тийиш болгон республикалык бюджеттин эсебинин реквизиттери көрсөтүлөт.
7. Документсиз баалуу кагаздарды конфискациялоодо сот аткаруучу конфискацияланган баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгарып салуу жана алардын компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине чегерүү жөнүндө тапшырмасы менен бул баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну жүзөгө ашыруучу адамга конфискациялоо жөнүндө токтомду жиберет.»;
34) 109-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
«8) сот аткаруучу тарабынан мүлктү баалоо дайындалганда.»;
35) 112-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруу өндүрүшү кыскартылгандан кийин сот аткаруучу өзү дайындаган бардык мажбурлап аткаруу чараларын, анын ичинде мүлктү камакка алууну, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү жокко чыгарат.»;
36) 113-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Сот аткаруучунун аткаруу өндүрүшүн токтото туруу же кыскартуу жөнүндө же болбосо өндүрүштү токтотуп туруудан же кыскартуудан баш тартуу тууралуу токтому сотто талашылышы мүмкүн.»;
7) 114-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
38) 115-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
«8) актынын иш жүзүндө аткарылышына карабастан укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча чыгарылган аткаруу актысынын эскирүү мөөнөтү бүткөндө;»;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Ушул Мыйзамда белгиленген негиздер боюнча уюмга же сот аткаруучулардын аймактык башка бөлүмүнө кармоо үчүн өткөрүп берилгендигине байланыштуу аткаруу өндүрүшү аяктаганда, карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү алып таштоо жүргүзүлбөйт. Издөөнү токтотуу боюнча, ошондой эле чектөөлөрдү өзгөртүү жана алып таштоо боюнча ыйгарым укуктар аткаруу өндүрүшү өткөрүп берилген сот аткаруучуга өтөт.»;
в) 4-бөлүктөгү «6» деген цифра «5» деген цифрага алмаштырылсын;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аяктаган аткаруу өндүрүшү боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси менен сот актысы, башка органдын же кызмат адамынын актысы боюнча акча каражаттарын кармоонун жана которуунун тууралыгын текшерет. Мындай текшерүүнү жүргүзүүдө юридикалык жак же карызкорго эмгек акы, пенсия, стипендия жана башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөп берген башка адам сот аткаруучусуна тиешелүү бухгалтердик жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.»;
39) 121-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Токтом даттанылбаган учурлардан тышкары, сот аткаруучунун токтомуна, ошондой эле анын аракетине (аракетсиздигине) даттануу жогору турган сот аткаруучуга же сотко берилет. Сотко берилген даттануу сот тарабынан процессуалдык мыйзамдарда белгиленген эрежелерге ылайык каралат. Эгерде даттануу бир эле учурда жогору турган сот аткаруучуга жана сотко берилген болсо, анда ал даттануу соттук тартипте каралууга тийиш.»;
40) 123-берененин 3-бөлүгүндөгү «даттанууну караган жогору турган сот аткаруучу, сот» деген сөздөр «жогору турган сот аткаруучу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) 124-берененин 1-бөлүгүндөгү «, сот» деген сөз алып салынсын;
42) 126-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктундагы «соттун аталышы, судьянын фамилиясы жана аты-жөнү» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктөгү «сот,» деген сөз алып салынсын;
в) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Жогору турган сот аткаруучу даттанууну негиздүү деп тапкан учурда, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:
1) кабыл алынган токтомду толугу менен же бир бөлүгүн жокко чыгарат;
2) токтомду жокко чыгарат жана жаңы чечим кабыл алат;
3) сот аткаруучунун аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп табат жана жол берилген мыйзам бузууларды четтетүү максатында кабыл алынууга тийиш болгон чараларды аныктайт.
Эгерде сот аткаруучунун токтомуна даттануу бир бөлүгүндө негиздүү деп табылса, жогору турган сот аткаруучу кабыл алынган токтомду жарым-жартылай жокко чыгарат жана сот аткаруучуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул бөлүк боюнча жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет. Жогору турган сот аткаруучу токтом түрүндө чечим кабыл алат.»;
43) 129-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) сот аткаруучу өндүрүшкө кабыл алган аткаруу документи боюнча өндүрүп алуудан өндүрүп алуучу баш тартканда;»;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) кылмыш иштери боюнча айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу документтери боюнча.»;
44) 2-тиркеменин 1-пунктундагы «турак үй» деген сөз «турак жай» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112305/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>