65-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүү, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айрым ыйгарым укуктарын муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга берүүгө укуктуу.
3. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
65-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 02 токтомуПостановление · 22.02.2024 · № 02
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 1-октябрындагы № 38/XIII – 5 "Кайыңды шаарынын мэриясына караштуу «Каинды Сервис» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү тууралуу жана…Постановление · 10.10.2025 · № 38
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 1-октябрындагы № 39/XIII – 6 "Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосун бекитүү жана юстиция органдарында…Постановление · 10.10.2025 · № 39
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 01-7/21 " Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Унаа” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө " токтомуПостановление · 26.12.2024 · № 01-7/21
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-65" title="65-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>