Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин – 6 «Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосун бекитүү жана юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү жɵнүндɵ» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 1-октябры № 39/XIII – 6
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосун бекитүү жана юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кайыӊды шаарынын мэриясынын Жобосунун 3.1., 4.10-пунктарын жетекчиликке алуу менен Кайыңды шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосунун жаны редакциясы бекитилсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Н.Е.Курамаевге муниципалдык менчик бөлүмүнүн укук белгилөөчү документтерин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында кайра каттоодон өткөрүү милдети жүктөлсүн.
3. Ишкананын толук аталышы: Мамлекеттик тилде: Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү; Расмий тилде: Отдел по муниципальной собственности при мэрии города Каинда
4. Ишкананын кыскартылган аталышы: Мамлекеттик тилде: ММБ; Расмий тилде: ОМС
5. Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Панфилов району, Кайыңды шаары, Каныкей кɵч.19. дареги болуп саналсын.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага У.Б.Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123