Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
66-берене. Муниципалдык заказ
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө муниципалдык заказды жайгаштырууга укуктуу.
2. Муниципалдык заказ жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн. Муниципалдык заказды аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык заказ жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.
3. Муниципалдык заказды каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан же мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.
4. Тарифтерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын контролу сакталган шартта калкка монополиялык кызмат катары көрсөтүлүүчү кызматтарга (суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр) белгилүү бир ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык ишканаларга, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
5. Муниципалдык заказдын субъекти мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө же болбосо мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 41/5-29 "Орловка шаарынын Жайыт комитетин “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү…Постановление · 15.05.2025 · № 41/5-29
- Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 52/XIV-30 "Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлкүн “Мурас” муниципалдык ишканасынын…Постановление · 29.12.2025 · № 52/XIV-30
- Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 12-августундагы № 172/33-28 "Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн "Орловка…Постановление · 12.08.2024 · № 172/33-28
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 14-мартындагы № 146("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары…Распоряжение · 14.03.2024 · № 146
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-66" title="66-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>