Кайыңды шаардык кеңешинин – 5 «Кайыңды шаарынын мэриясына караштуу «Каинды Сервис» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү тууралуу жана юстиция органдарында кайра каттоо жɵнүндɵ» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 1-октябры № 38/XIII – 5
Кайыңды шаарынын мэриясына караштуу «Каинды Сервис» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү тууралуу жана юстиция органдарында кайра каттоо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 65-беренесине ылайык жана 2018-жылдын 27-февралындагы Кайыӊды шаардык кеӊешинин № 49/XVIII-1 токтомунун негизинде жана Кайыӊды шаарынын мэриясынын Жобосунун 3.1. 4.10-пунктарын жетекчиликке алуу менен Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. «Каинды Сервис» муниципалдык ишканасынын Уставынын жаңы редакциясы бекитилсин.
2. «Каинды Сервис» муниципалдык ишканасынын башчысы У.М.Ашкеевге муниципалдык ишкананын укук белгилөөчү документтерин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында кайра каттоодон өткөрүү милдети жүктөлсүн.
3. Ишкананын толук аталышы: Мамлекеттик тилде: «Каинды Сервис» муниципалдык ишканасы; Расмий тилде: Муниципальное предприятие «Каинды Сервис».
4. Ишкананын кыскартылган аталышы: Мамлекеттик тилде: «Каинды Сервис» МИ; Расмий тилде: МП «Каинды Сервис».
5. Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Панфилов району, Кайыңды шаары, Каныкей кɵч.19. дареги болуп саналсын.
6.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага У. Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123