64-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негизин мыйзамдарда жергиликтүү бюджеттерге бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ссудалар жана башка финансылык ресурстар түзөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өткөрүп берилген жана жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуп жаткан жерлер, жарандык укуктун башка объекттери, ошондой эле тиешелүү аймакта ишин жүзөгө ашырып жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби жана принциптери мыйзамдар менен жөнгө салынат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
64-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-64" title="64-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>