Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
51-берене. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 134
Айыл өкмөтү:
1) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңешке бекитүүгө берүүгө катышат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат, ошондой эле аларды расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат;
2) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана аны айылдык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
3) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;
4) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
5) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
6) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүнү жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарба багытындагы объекттерди жана алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;
7) аймакта курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
8) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүргүзөт;
91) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзөт;
92) мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөөнү уюштурат;
93) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоонун, күтүүнүн эрежелерин белгилейт;
10) айылдын аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 134 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
кошулду: 31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;
4) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана … 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № алынып салынды: 152 кошулду: 152, 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 05.09.2025 · № 567
- 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасы (1-тиркеме Кыргыз…Программа · 05.09.2025 · № 567
- Ильич айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-ноябрындагы № 28-1/25 "Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2023 · № 28-1/25
- Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы № 71/XXI-28 "Логвиненко айыл аймагынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу…Постановление · 25.01.2023 · № 71/XXI-28
- Жайылма айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 7 "Жайылма айыл аймагынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү…Постановление · 26.04.2024 · № 7
- Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 70/XIX-28 "Люксембург айыл аймагынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу…Постановление · 24.01.2023 · № 70/XIX-28
- Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 16/IV “Жайылма айыл аймагынын 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү…Постановление · 07.02.2025 · № 16/IV
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча" ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Программа · 17.08.2017 · № 490 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга…Постановление · 10.06.2022 · № 313 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-51" title="51-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>