52-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 октября 2025 года № 211
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө тийиш.
3. Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;
2) башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;
3) (КР 2025-жылдын 14-октябрындагы № 211 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
5) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызматтын кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
6) ушул бөлүктүн 61-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
61) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
62) ага карата ушул бөлүктүн 61-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 октября 2025 года № 211 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"Редакцияларды салыштыруу
14.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жараны болбогон;
2) башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;
3) алынып салынды: тиешелүү айыл аймагында туулган;
кошулду: (КР 2025-жылдын 14-октябрындагы № 211 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык … 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 209 кошулду: 209, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 164(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.Д.Мамасадыков, Н.А.Нарматова, Н.К.Кадырбеков…Распоряжение · 19.03.2024 · № 164-р
- Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жөнүндө…Временное положение · 30.03.2023 · № 177 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-52" title="52-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>