Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин «Люксембург айыл аймагынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 24-январы №70/XIX-28 Люксембург айыл аймагынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин 2023-жылга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө, маалыматын карап чыгып жана 2021 жылдын 20 октябрь № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51 беренесинин негизинде, талкуулап, пикир алмашып,Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген планды өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы
К. Р. Шайлдабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123