18-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин жалпы принциптери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 134
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү коомдоштуктун алдында ачык жана жооптуу болушу жана алардын өз функцияларын жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) аркылуу жарандардын эрк билдирүүсү;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
6) коомдук пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
8) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыздыгы;
9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү;
10) өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
(КР 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 134 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) алынып салынды: жана курултайлар аркылуу жарандардын эрк билдирүүсү;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын … боюнча мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
кошулду: (КР 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 23-3 "Жер участогунун (жайыт жерлеринин) категориясын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай…Постановление · 24.01.2024 · № 23-3
- Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 23-4 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай…Постановление · 24.01.2024 · № 23-4
- Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV -сессиясы 2024-жылдын 23-майындагы № 17 "Жети-Өгүз Курорттун калктуу конушунун алдындагы 13,58 гектар жер аянтын Жети-Өгүз…Постановление · 23.05.2024 · № 17
- Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV-сессиясы 2024-жылдын 24-майындагы № 20 "Жети-Өгүз айыл өкмөтүнө караштуу Чырак айылындагы социалдык мекемелер жана жер…Постановление · 24.05.2024 · № 20
- Лебединовка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабры № 22-9 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай…Постановление · 27.12.2023 · № 22-9
- Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январы № 23-6 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай…Постановление · 24.01.2024 · № 23-6
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 12/IV–6 "Кайыңды – Бишкек каттамы боюнча коомдук транспорттун тарифин төмөндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2025 · № 12/IV–6
- Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 40/5-29 "Орловка шаарынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2025 · № 40/5-29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 3-июнундагы № 299 ("Маданият жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функцияларды жана ыйгарым…Распоряжение · 03.06.2024 · № 299
- Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 87 "Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана…Постановление · 15.08.2025 · № 87
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-18" title="18-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>