Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Лебединовка айылдык кеңешинин «Жер участогунун (жайыт жерлеринин) категориясын „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер“ категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
XXVIII чакырылыш 2024-жылдын 24-январы № 23-3 Жер участогунун (жайыт жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Рысалиева Нургуль Токторбековнанын 2024-жылдын 15-январындагы № 46, Лебединовка айыл аймагында № 49 контурда жайгашкан, идентификациялык номерлери 7-01-09-0004-0605 жана 7-01-09-0004-0611, жалпы аянты 1,17 га жер участокторунун (жайыт жерлер) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттарда жерлери» категориясына кампаларды куруу үчүн которуу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Лебединовка айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жыйналышынын протоколунун, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылдын 4-июлундагы№ 04-6/5786 корутундусунун, жерлерди эксплуатациялоо, техникалык-экономикалык түшүндүрүү катынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин 2023-жылдын 4-июлундагы № 02-7/2648 корутундусунун, "Кыргызгипрозем" мамлекеттик мекемесинин Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын жерге жайгаштыруу башкармалыгынын 2023-жылдын 5-июлундагы № N-541 корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 18-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылйык, Лебединовка айылдык кеңешинин 23-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Лебединовка айыл аймагынын №49 контурунда жайгашкан, 7-01-09-0004-0605 жана 7-01-09-0004-0611 идентификациялык номурлуу, жалпы аянты 1,17 га жерди, (жайыт жерлеринин) категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына, складдарды куруу үчүн которууга макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Лебединовка айыл аймагынын №49 контурунда жайгашкан, 7-01-09-0004-0605 жана 7-01-09-0004-0611 идентификациялык номурлуу, жалпы аянты 1,17 га жерди, (жайыт жерлеринин) категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына, складдарды куруу үчүн которуу жагын кароо өтүнүчү жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай уулу Адилетке тапшырылсын.
Төрага
К.К.Умурбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон