Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV -сессиясы «Жети-Өгүз Курорттун калктуу конушунун алдындагы 13,58 гектар жер аянтын Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алып,чегин бекитип берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV -сессиясы 2024-жылдын 23-майындагы № 17
Жети-Өгүз Курорттун калктуу конушунун алдындагы 13,58 гектар жер аянтын Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алып,чегин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 18-беренесинин 3-4 пунктарына ылайык Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №133 чечиминин негизинде Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин XXVII-чакырлышынын IV-кезексиз сессиясы карта –схемасын карап чыгып,жана талкуулап
токтом кылат:
1. Жети-Өгүз Курорттун калктуу конушунун алдындагы 13,58 гектар жер аянты Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алынып,чеги бекитилип берилсин.
2. Жети-Өгүз Курорттун калктуу конушунун иш кагаздары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендерилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Б.Ургаипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123