Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 15-августу № 87
Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 18 жана 22-беренелерине ылайык, этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Саркулов Б.К. тарабынан берилген «Мин-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» маалыматын угуп жана талкуулап, Мин-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген, Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) Жобонун II-бөлүмүндөгү 6-пункт «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштар каза болгондон кийин каралбайт» деген сөздөр алынсын.
3.Жобонун II-бөлүмүндөгү 8-пункт г) пункту менен толукталсын:
г) «Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат берүү»
4.Жобонун III-бөлүмүндөгү 9-пунктундагы «Комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат» деген сөздөр «Мин-Булак айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылат» деп өзгөртүлсүн.
5.Жобонун V-бөлүмүндөгү 6-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүндө, 31-августта, Мин-Булак айыл аймагынын салтанаттуу майрамдык иш-чарасында тапшырылат» деген сөздөр «Салтанаттуу иш-чарада тапшырылат. Тапшыруу датасы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталат» деп алмаштырылсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу айылдык кенештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Булазова Г.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Төрт-Көл айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябры № 79 Ана-Кызыл айылынын тургуну Алтымышов Советбек Турдалиевичтин жашап жаткан турак жайынын аймагынан 200 м2 жер тилкесинин…Постановление · 02.09.2024 · № 79