Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Лебединовка айылдык кеңешинин «Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан „Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер“ категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январы № 23-6 Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Нуржанов Нурлис Нуржановичтин Лебединовка айылдык аймагындагы №48 контурда жайгашкан, идентификациялык номери 7-01-09-0004-0550, жалпы аянты 1,0 га жеке менчигиндеги жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” (сугат айдоо жерлери) категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына өнөр жай жана логистикалык борборлор үчүн которуу жөнүндө” 2024-жылдын 19-январындагы № 49 арызын карап жана талкуулап, 2019-жылдын 17-июлундагы № 2019-31477 жер участогун сатып алуу-сатуу келишиминин, сериясы № 0035421 Жер участогуна (үлүштөрүнө) жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн, түшүнүк каттын, экспликация корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 02-7/960 корутундусунун, «Кыргызгипрозем» мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын филиалынын 2023-жылдын 5-июлундагы № N-550 корутундусунун, "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын 2023-жылдын 7-июнундагы № N-323 корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Лебединовка айылдык кеңешинин 23-кезексиз сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нуржанов Нурлис Нуржановичтин Лебединовка айылдык аймагындагы №48 контурда жайгашкан, идентификациялык номери 7-01-09-0004-0550, жалпы аянты 1,0 га жеке менчигиндеги жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” (сугат айдоо жерлери) категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына өнөр жай жана логистикалык борборлор үчүн которууга макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына, Нуржанов Нурлис Нуржановичтин Лебединовка айылдык аймагындагы №48 контурда жайгашкан, идентификациялык номери 7-01-09-0004-0550, жалпы аянты 1,0 га жеке менчигиндеги жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” (сугат айдоо жерлери) категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына өнөр жай жана логистикалык борборлор үчүн которуу жагын кароо өтүнүчү жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у А. тапшырылсын.
Төрага
К. Умурбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон