Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
70-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Президент:
1) Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка мүчөлөрүнүн кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчтөрүн жана аларды кызматтан кетирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
4) өзүнүн демилгеси же Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот;
5) аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;
6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын кызматка дайындайт жана бошотот;
7) Президенттин Администрациясын түзөт;
8) Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт;
9) Мамлекеттик катчыны кызматка дайындайт жана бошотот;
10) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кызматка дайындайт жана бошотот.
2. Президент:
1) өзүнүн демилгеси же кеминде 300 миң шайлоочунун же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
2) Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт; Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
3) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган тартипте жана учурларда жергиликтүү кеңештерди таркатат; жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
3. Президент:
1) Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;
2) мыйзамдарга кол коёт жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;
3) элге, Жогорку Кеңешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасайт;
4) Жогорку Кеңешке жыл сайын өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет;
5) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакырууга жана каралуучу маселелерди аныктоого укуктуу;
6) Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу.
4. Президент:
1) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;
2) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын кызмат ордунан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;
3) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;
4) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот;
5) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордуна дайындайт; Конституцияда жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотот;
6) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын орун басарларын дайындайт.
5. Президент:
1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот;
2) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;
3) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамынын жарымына талапкерлерди шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;
4) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;
5) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.
6. Президент:
1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкы жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;
3) ратификациялоо грамоталарына жана эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коёт;
4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат.
7. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.
8. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, кызматка дайындайт жана бошотот.
9. Президент:
1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда өзгөчө абал киргизүү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;
2) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу жаралганда согуштук абал жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;
3) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
10. Президент:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын ыйгарат;
2) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;
3) ырайым кылууну жүзөгө ашырат.
11. Президент Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (332)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.02.2023 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 47 "2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу…Указ · 03.03.2023 · № 47
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 388 "Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү…Указ · 07.12.2022 · № 388
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 08.12.2023 · № 336
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 "Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.09.2026 · № 309
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ №103 (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 14.06.2023 · № 103
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 "Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.07.2025 · № 205
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы ПЖ № 364 "Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди…Указ · 15.12.2025 · № 364
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи…Указ · 17.09.2022 · № 313
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 330 "Манас" эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө…Указ · 28.09.2022 · № 330
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 348 "2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан…Постановление · 10.10.2022 · № 348
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы ПЖ № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана…Указ · 03.09.2024 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-августундагы № 271 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын санариптик трансформациялоону камсыз кылуу боюнча чаралар…Указ · 03.08.2026 · № 271
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 313 (Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уставы бекитүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 03.09.2026 · № 313
- 2021-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 266 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо…Указ · 17.06.2021 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 319 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү…Постановление · 22.11.2023 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-августу № 295 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.08.2026 · № 295
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-февралындагы №49 ("Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Распоряжение · 01.02.2023 · № 49
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520 "Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 05.11.2021 · № 520
332 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112213/st-70" title="70-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>