Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 319 «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 22-ноябры ПЖ № 319 Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө Эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун санаториялык-курорттук чыңдоону уюштурууну өркүндөтүү, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2027-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө "Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы" профсоюздук уюмдар бирикмесинин Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүгө мораторий киргизилет;
- Фондго түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин капиталдык курулушуна жана оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.
2. "Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы" профсоюздук уюмдар бирикмесине 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин бардык объекттерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- "Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы" профсоюздук уюмдар бирикмеси менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын убактылуу пайдалануусуна өтүүчү санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин тизмесин аныктасын;
- 2023-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди убактылуу пайдаланууга кабыл алсын жана иштеп жаткан санаториялык-курорттук жана туристтик объекттерди заманбап талаптагыдай түргө келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) белгиленген тартипте 2028-жылдын 1-январынан тартып Фонддун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органын аныктасын;
2) Фонддун каражаттарынын эсебинен жолдомолорду натыйжалуу жана адилеттүү бөлүштүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыксын;
3) үч айлык мөөнөттө эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо механизмдерин өркүндөтүүнү, анын ичинде санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин инфраструктурасын жакшыртууну караган тиешелүү мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
4) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 93 (3542) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 576 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү…Постановление · 19.09.2024 · № 576
- Ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 720 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2023 · № 720 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 28.12.23 ж. №720 токтомуПостановление · 28.12.2023 · № 720
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021