Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 520 «Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 5-ноябры ПЖ № 520 Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө
Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун базасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;
- Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги";
2) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
- сегизинчи абзацындагы “тышкы соода жана инвестициялар" деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишин өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы № 150 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине езгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Президент
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 15-т (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу…Распоряжение · 19.01.2022 · № 15-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 254
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз…Постановление · 15.11.2021 · № 258
- КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.07.2018 · № 150
- КР Президентинин жарлыгы 2013-жылдьн 30-сентябрындагы ПЖ № 198 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишин өркүндөтүү жөнүндө"Указ · 30.09.2013 · № 198 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15- ноябрындагы №254 токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 254
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 “Кыргыз…Постановление · 15.11.2021 · № 246 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.07.2018 · № 150
- КР Президентинин жарлыгы 2013-жылдьн 30-сентябрындагы ПЖ № 198 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишин өркүндөтүү жөнүндө"Указ · 30.09.2013 · № 198 · Күчүн жоготкон