Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин (Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уставы бекитүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 3-сентябры № 313
Кыргыз Республикасында шахматты колдоонун туруктуу системасын түзүү жана өнүктүрүү, шахмат спортун каржылоонун механизмдерин өркүндөтүү, эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдоо, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле шахмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу катары чыксын.
3. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондуна жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда көмөк көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021