23-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.
Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт.
2. Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
3. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
4. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.
5. Конституцияда белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт.
6. Тыюу салуулар боюнча Конституцияда белгиленген кепилдиктер эч кандай чектөөгө жатпайт.
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (14)
- Решение Конституционного суда Кыргызской Республики от 8 июня 2022 года 03-р по делу о проверке конституционности частей 1, 2 статьи 167 Уголовнопроцессуального кодекса…Решение · 08.06.2022 · № 03-р
- Решение Конституционного Суда КР от 29 июня 2022 года (По делу о проверке конституционности частей 1, 2 статьи 87 Налогового кодекса Кыргызской Республики в связи с запросом…Решение · 29.06.2022 · № 05-р
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун 2022-жылдын 27-апрелиндеги "Ахмат Киргизбаевич Алагушевдин жана Нурбек Кудайбердиевич Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Решение · 27.04.2022
- Решение Конституционного суда КР от 15 июня 2022 года (По делу о проверке конституционности части 13 статьи 121 Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики в связи с…Решение · 15.06.2022 · № 04-р
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 28-мартындагы N 139-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагындагы Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 28.03.2023 · № 139-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 50-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 31.01.2025 · № 50-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ж.Э.Садырбаева…Распоряжение · 24.11.2023 · № 620
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 231 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ашимова жана К.А.Талиева…Распоряжение · 26.04.2024 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 604 “Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга…Распоряжение · 16.11.2021 · № 604
- «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым…Заключение · 03.12.2021 · № 307-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 725 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Б.Абиров, Д.Д.Бекешев…Распоряжение · 04.11.2022 · № 725
- Постановление Правительства КР от 17 августа 1998 года N 549 "О первоначальном докладе Кыргызской Республики о выполнении Международной Конвенции о ликвидации всех форм расовой…Постановление · 17.08.1998 · № 549 · Күчүн жоготкон
- ОБОБЩЕНИЕ судебной практики по рассмотрению дел о правонарушениях, рассмотренных судами первой и апелляционной инстанций в период с 2021 года по 1 квартал 2023 года.Обзор судебной практики · 06.12.2024
- ОБОБЩЕНИЕ судебной практики по рассмотрению дел о правонарушениях, рассмотренных судами первой и апелляционной инстанций в период с 2021 года по 1 квартал 2023 года.Обзор судебной практики · 28.03.2025
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112213/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>