Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Б.Абиров, Д.Д.Бекешев, С.А.Атамбаев, Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 4-ноябры № 725 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Б.Абиров, Д.Д.Бекешев, С.А.Атамбаев, Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 725 тескемеси менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Б.Абиров, Д.Д.Бекешев, С.А.Атамбаев, Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарды кошпогондо, кызматтык турак жайларда он жылдан кем эмес жашаган адамдардын менчигине тикелей сатуу жолу менен кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө жол берилет. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде кызматтык турак жайы - мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү, тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган жана алардын эмгектик мамилелеринин мүнөзүнө, ошондой эле аскердик же башка кызматты өтөөсү, иштеген жери боюнча же ага жакын жерде жашоо керектиги менен байланыштуу жарандарды жайлаштыруу үчүн арналган турак жай деп аныктама берилген. Ошентип, кызматтык турак жайдын негизги багыты кызматкерлерди алардын эмгек мамилелеринин мүнөзүнө байланыштуу, өзүнүн фондунан бөлүнүүчү, өз кезегинде кызматтык статусуна ээ турак жай менен камсыз кылуу. Мындай чара менен мамлекеттик жана муниципалдык органдар квалификациялуу кадрларды ишке тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Белгилей кетүүчү нерсе, Кодексти иштеп чыгууда жана кабыл алууда кызматтык турак жайларда жыйырма жылдан кем эмес жашаган адамдарга гана тикелей сатуу жолу менен турак жайды менчиктештирүүнүн өзгөчөлүгү кызматтык турак жай фондунун чектелүүлүгүнөн улам келип чыккан жана Кодексти колдонуу мезгилинде абал кызматтык турак жайлардын фондун көбөйтүү жагына түп-тамырынан жакшырган жок. Сунушталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө укуктуу адамдардын чөйрөсүн кыйла кеңейтет, бул натыйжада республикалык бюджетке олуттуу оорчулук келтирет жана турак жай фондун кыскартууга жана ага жараша кызматтык турак жайларга болгон керектөөлөрдү көбөйтүүгө алып келет, бул өз кезегинде аталган жайларды курууга же сатып алууга кошумча финансылык каражаттарды табууну талап кылат. Ошондой эле мыйзамдын долбооруна финансылык-экономикалык негиздеме, тиешелүү эсептөөлөр берилген эмес. Республикалык бюджеттин чектелүүлүгүн белгилей кетүү зарыл, анткени 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлдү, 2022-жылдын 1-июнунан тартып ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлдү, үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тартып бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын эркин жалданган жана жарандык персоналынын кызматтык маяналары жана 1-октябрдан тартып пенсиялардын өлчөмү жогорулатылды, мунун баары республикалык бюджеттен олуттуу каражаттарды бөлүүнү талап кылат. Мындан тышкары, олуттуу кошумча каражаттар Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан жарандардын жашоосу үчүн зарыл болгон шарттарды уюштурууга жана түзүүгө багытталат. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ченем жаратуу иш-аракети жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо, негиздүүлүк, максатка ылайыктуулук жана адилеттүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырылат. Баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241