Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын «3» декабрындагы № 307-т тескемесинин)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын «3» декабрындагы № 307-т тескемесинин тиркемеси
«Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж. Байбакпаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
«Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинде мамлекет ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыз кылуунун кошумча түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук иш-аракеттери колдоого алынары каралган.
Ошону менен бирге сунушталган Мыйзам долбоору менен киргизилип жаткан өмүрдү жана саламаттыкты камсыздандыруу келишими жок чет өлкөгө чыгууга жол берилбестик жөнүндө чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жарандардын конституциялык укугун чектеши мүмкүн, ага ылайык Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу экендигин белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинде адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн экендиги каралган.
2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 2-беренесинде «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-статьясынын 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толуктоо сунушталат:
«10) эгерде арыз ээсинин өмүрдү камсыздандыруунун жарактуу полиси жок болсо.». Мындан тышкары Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өмүрдү жана саламаттыкты милдеттүү камсыздандыруу келишиминин болушу жана аны чек ара контролдоо органдарынын ыйгарым укуктуу адамдарына текшерүү үчүн контролдук-өткөрмө пункттарында көрсөтүү талаптарын белгилөө сунушталат. Ошондой эле Мыйзам долбоорунда камсыздандыруу суммалары камсыздандыруу учурлары болгондо төлөнөрү, ошол эле учурда камсыздандыруу суммасы төмөнкү документтер камсыздандыруучуга көрсөтүлгөндөн кийин төлөнөрү каралган: жаран каза болгондо – өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк жана камсыздандыруу полиси, ден соолугуна зыян келтирилген учурда –камсыздандыруу полиси, эмгек келишими, анын эмгек (кызматтык) милдеттерин аткарып жатканда алган эмгектик мертинүүсү же жаракаты жөнүндө эмгекти коргоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдардын корутундусу. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөгө ар кандай себептер менен (туристтик эс алуу, иш сапардык чыгуулар ж.б.) чыгуусу мүмкүн. Демек, «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 4-беренеси жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 10-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда көрсөтүлгөн жоболоруна каршы келет. Алсак, мыйзам долбоорунун жогоруда аталган беренесинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын жарандарында өмүрдү жана саламаттыкты камсыздандыруу келишими болгон учурда гана аларды Мамлекеттик чек арадан өткөрүүгө укуктуу экендиги белгиленген. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек араны кайтаруучу, чек ара коопсуздугун камсыздоого катышуучу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара саясатын жүзөгө ашырууга жооптуу жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын камсыздандыруу келишиминин бар экендигин контролдоону ишке ашыруу аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келет. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык чек ара контролу бөлүмдөрү Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна документтерин текшерет, аларга тийиштүү белгилерди коёт, ошондой эле жараксыз документтерди алат. Ошол эле учурда кандайдыр бир кошумча документтерди суроо Чек ара кызматынын компетенциясына кирбейт жана кызматтык эмес мүнөздөгү маселе болуп саналат. Ошол эле учурда өмүрдү жана саламаттыкты камсыздандыруу келишимин көрсөтүү талабы окуп чыгуу үчүн кошумча убакытты талап кылат, бул Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында адамдардын топтолушуна жана чыр-чатактуу кырдаалдардын келип чыгышына алып келет. Ушуга байланыштуу жарандар үчүн кошумча тоскоолдуктарды киргизүү кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө өбөлгө түзөт. Чет өлкөгө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу маселеси коомчулукта терс кабыл алынып, массалык нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн экенин да эске алуу керек.
3. Камсыздандыруу уюмдарына мамлекеттик кепилдикти жана коргоону караган Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу максатка ылайык, анткени ал ушул берененин 3-бөлүгүнө каршы келет.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо зарыл: «- башка мамлекеттин аймагында жүргөн мезгилде өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткаруу учурунда камсыздандыруучунун каза болушу (өлүмү).».
4. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде камсыздандыруучулардын 4 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмүн төлөөсү каралган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын
15-июнундагы № 1115-III «Эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү 100 сомго барабар. Демек, камсыздандыруучу өмүрү жана саламаттыгы үчүн жылына 400 сом камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө милдеттүү. Камсыздандыруучу тарабынан төлөө мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөндө иштөөгө уруксатына жараша жылына бир жолу, эки же үч жылда бир жолу же беш жылда бир жолу төлөөнү түзөт. Ошону менен бирге бул мыйзам долбоорунда ошондой эле (долбоордун 9-беренеси) камсыздандыруучу каза болгондо 250,0 миң сомдон кем эмес камсыздандыруу суммасын төлөө, камсыздандыруучунун ден соолугуна зыян келтирилген учурда – 100,0 миң сом, ошондой эле өмүрдү жана саламаттыкты милдеттүү камсыздандыруу келишими токтотулган учурда (долбоордун 11-беренеси) камсыздандыруу төгүмүн толук көлөмдө кайтарып берүү ченеми каралган. Бул учурларда камсыздоочулар (камсыздандыруу компаниялары) белгиленген өлчөмдөрдө камсыздандыруу суммасын камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу компанияларынын финансылык туруктуулугун камсыз кыла алабы деген суроо келип чыгат. Бул үчүн мыйзам долбоорунун демилгечилеринен алынуучу камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрүнүн финансылык-экономикалык эсебин жүргүзүүнү, алынган суммаларды инвестициялоону жана камсыздандыруу суммаларын узак мөөнөттүү келечекке төлөөнү, чет өлкөгө чыгып жаткандардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыздандыруу боюнча күтүлүүчү бардык тобокелдиктерди эске алуу менен жүргүзүүнү талап кылат. Ошондой эле камсыздоочунун иши кайсы булактардын эсебинен жүргүзүлөт деген суроо пайда болот.
5. 18-беренеде Камсыздоочулардын коомдук бирикмесинин алдында коммерциялык эмес уюм түрүндө чет өлкөгө чыгып жаткан адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу боюнча Автоматташтырылган маалымат борборун түзүү каралган. Автоматташтырылган маалымат борборунун жана Камсыздоочулардын коомдук бирикмесинин иштөөсү үчүн кошумча финансылык ресурстар талап кылынат. Каржылоо булактары аныкталган эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат. Ушуга байланыштуу каралып жаткан Мыйзам долбоорунда аталган борборду жана бирикмени каржылоонун булактарын көрсөтүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
6. Бул Мыйзам долбоору менен (20-берене) кетүү себебине карабастан жана транспорттун бардык түрлөрү менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууну Кыргыз Республикасында этап-этабы менен киргизүүнү карайт.
Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта баяндалган маалыматтарга ылайык Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө чыгып кеткен жарандарынын саны жылына 3,8 млн адамды түзөт. Миграциялык запас жылына 1,0 млн жакын адамды түзөт. Жыл сайын чет өлкөлөрдө 300гө жакын мекендешибиз каза болуп, 200дөн 400гө чейин жумушчу жаракат алат. Демек, камсыздоочунун камсыздандыруу полисин сатуудан түшкөн кирешеси алдын ала эсептөөлөр боюнча жылына 1 520,0 млн сомду (3,8 млн адам х 400 сом), чыгашасы – жылына 105,0 млн сомду түзөт (каза болгон 300 адам x 250,0 миң сом, орто эсеп менен жаракат алган 300 адам х 100,0 миң сом) түзөт. Мунун негизинде камсыздоочунун (камсыздандыруу компанияларынын) таза кирешеси жылына 1 415,0 млн сомду түзөт. Ушуга байланыштуу ушул Мыйзам долбоорунда каралган максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан жарандардын (тышкы эмгек миграциясы, маятник миграциясы, зыярат кылуу, конокко чакыруу, дарыланууга чыгуу ж.б.) максаттарын эске алуу менен Мыйзам долбоорунун ченемдеринин аракет этүү чөйрөсүн баяндоо жана чыгуунун мүнөзүнө жараша камсыздандыруу полисинин өлчөмдөрүн аныктоо максатка ылайыктуу. Ошондой эле Мыйзам долбоору жалпысынан «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбегендигин белгилей кетүү керек.
7. Сунушталган мыйзам долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү абзацында «камсыздоочу» түшүнүгү менен өмүрдү жана саламаттыкты милдеттүү камсыздандыруу жаатында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак түшүнүлөрүн белгилөө сунушталат.
«Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык камсыздоочу болуп коммерциялык уюм болуп саналган жана камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүргүзүүгө атайын уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык жак (камсыздандыруучу уюм) түшүнүлөт. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү-жетинчи абзацтары боюнча да ушундай эле сунуштар. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгү менен камсыздандыруу ишине аткаруу бийлигинин органдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салынарын белгилөө сунушталат. «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишине мамлекеттик көзөмөл жана камсыздандыруу ишинин маселелерин жөнгө салуу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
а) камсыздоочулардан камсыздандыруу иши жөнүндө белгиленген отчеттуулукту, алардын финансылык абалы жөнүндө маалыматты алууга;
б) камсыздоочулардын Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын сактоосун жана алар берген отчеттуулуктун аныктыгын текшерүүнү жүргүзүүгө;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу уюмдарынын ишин инспекциялоону жүргүзүүгө;
г) камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын бузуулар табылганда, аларды четтетүү боюнча камсыздоочуларга жазуу жүзүндө жазма буйруктарды берүүгө, ал эми жазма буйруктар аткарылбаган учурларда - табылган тартип бузуулар четтетилгенге чейин бул камсыздоочулардын лицензияларынын колдонулушун токтото турууга.
Ошондой эле 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү бири-бирине шайкеш келбейт. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгуу зарыл.
8. Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Камсыздандыруунун типтүү келишими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 2-параграфынын 46-главасында камсыздандыруу келишиминин формасына, мазмунуна жана түзүүгө карата талаптар белгиленген. Бул келишимди түзүүдө тараптар юридикалык жак жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналарын эске алуу менен, тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимдин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 2-параграфынын жоболоруна ылайык келүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу Типтүү келишимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсү максатка ылайыксыз деп эсептейм. Белгилей кетүүчү нерсе, «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда акча табуу үчүн чет өлкөгө чыгып жаткан адамдарга карата мамилелерди жөнгө салуу каралган эмес. Мындан тышкары мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта чагылдырылган маалыматтарга ылайык бул долбоор ден соолукка зыян келтирилген учурда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө кызматтык милдеттерин аткарууда ден соолугуна зыян келтирилген учурда материалдык төлөмдөргө байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан. Бирок Мыйзам долбоорунун өзүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө кызматтык милдеттерин аткарууда камсыздандыруу учурларын жөнгө салуу боюнча тиешелүү жоболор жок.
9. Мыйзам долбоорунун 19-беренесине ылайык мамлекеттик милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
Белгилей кетүүчү нерсе «мыйзамдар» түшүнүгү жалпыланган түшүнүк болуп саналат жана кеңири чечмелөө мүмкүнчүлүгүн берген так эмес мүнөзгө ээ. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди жасоого жол берилбейт (мисалы, «мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат»). Ушуга байланыштуу долбоордо жалпысынан шилтеме берилген ченемдик укуктук актыларды талдап жана тармакты же жөнгө салуу чөйрөсүн көрсөтүүнү сунуштайбыз.
10. Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыга турган Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик чек арадан төмөнкү өткөрүү пункттары аркылуу темир жол же аба транспорту аркылуу өткөндө – мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап өмүрдү жана саламаттыкты милдеттүү камсыздандырууга тийиш экендигин белгилөө сунушталат.
Ошону менен бирге аталган Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Демек, аталган Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып чет өлкөгө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын чек арадан өткөрүү пункттары (темир жол, аба) аркылуу өтүүдө өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү камсыздандыруу келишими болууга тийиш. Тиешелүү түрдө, ал жок болгон учурда аталган жарандарга чыгууга тыюу салынат. Ушуга байланыштуу чет өлкөгө чыгууга даярданып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу эртерээк маалымдоо, ошондой эле жогоруда аталган келишимди түзүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоо максатында Мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарынан тиешелүү документтерди талап кылуу мөөнөтүн узартуу керек.
11. «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын мыйзам тарабынан каралган аскер кызматы жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу шарттары жана тартиби аныкталган.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аскер кызматчыларынын жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга теңештирилген адамдардын өмүрү жана саламаттыгы аскер кызматы, ошондой эле окуу жана атайын жыйындар башталган күндөн тартып аяктаганга чейин милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга жатат. Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда жогоруда аталган Мыйзамдын жоболорун эске алуу зарыл.
12. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 85-беренесине ылайык өз ишмердигинин негизги максаты катары пайда табууну көздөгөн (коммерциялык) же мындай максат катары пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн (коммерциялык эмес) уюмдар юридикалык жактар боло алат.
Ошону менен бирге «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык камсыздандыруучу – коммерциялык уюм болуп саналган жана камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүргүзүүгө атайын уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык жак (камсыздандыруучу уюм) болуп саналат. Жогоруда айтылгандарды эске алып камсыздандыруу уюму өзүнүн ишинин негизги максаты катары киреше алууну көздөгөн коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жак экендигин көңүлгө алып, жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз. Алсак, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт. Жөнгө салуучу таасирин талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат. Эгерде иштеп чыгуучу жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган негиздемени бербесе, ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга тийиш.
13. Негиздеме-маалымкатка ылайык Мыйзам долбоору кызматтык милдеттерин аткарууда ден соолугуна зыян келтирилгенде же чет өлкөдө мекендештер каза болгондо материалдык төлөмдөр боюнча келип чыккан көйгөйлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан.
Ошондой эле чет мамлекеттен «200» жүгүн ташуу кымбат жол-жобо экени, ага бардык эле үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, ушуга байланыштуу алар көбүнчө диаспоралардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана краундфандингдин жардамына кайрылууга мажбур экендиктери белгиленет. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөн «200» жүгүн ташуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмү 50 миң сом өлчөмүндө көрсөтүлгөн, бул азыркы учурда чындыкка дал келбейт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары – КР ТИМ) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-февралындагы № 56 «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартиби жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин кабыл алуусуна багытталган иштерди аяктады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 169 «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү («200» жүгү) менен байланышкан чыгымдарды бир жолку төлөөнү Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен алуу мүмкүндүгү каралган. Ошол эле учурда бир жолку төлөмдүн белгиленген өлчөмү сөөк алып чыгарылуучу өлкөгө жараша дифференцияланат жана ал кайсы өлкөдөн чыгарыла тургандыгын эске алуу менен 300дөн 18 000 АКШ долларына чейин өзгөрөт. Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатты толуктап иштеп чыгууну, ошондой эле камсыздандыруучу каза болгон учурда камсыздандыруу суммасын караган ченемдерди Мыйзам долбоорунан алып салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана маселелер; ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талданышы, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар; кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу; коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалымат; ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы. Ушуга байланыштуу мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатты жогоруда аталган Мыйзамдын 25-беренесинин талаптарына ылайык келтирүү зарыл.
14. Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин экинчи абзацында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. Ошол эле учурда каралып жаткан Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта чагылдырылган эмес. Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкатты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына тиешелүү түзөтүүлөрдү иштеп чыгуу же киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзам долбоорунун концепциясын жалпысынан кайра карап чыгуу, ошондой эле бул Мыйзам долбоорун кабыл алуунун максатка ылайыктыгын кайра кароо зарыл деп эсептейт.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт, анткени «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору ушул корутундуда көрсөтүлгөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен олуттуу толуктап иштеп чыгууну талап кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (10)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- КР Президентинин 2021-жылдын 22-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартиби жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.02.2021 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-июнундагы №1115-III "Эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2006 · № 1115-III
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттуулордун жана аларга тенештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттуу мамлекеттик…Закон · 21.08.2004 · № 163
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20