2-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктоо Кыргыз Республикасынын элинин эгемен укугу болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында элдик бийлик бийликтин толугу менен элге таандыктыгы, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жеткиликтүүлүк принциптерине негизденет.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.
4. Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ болот.
5. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.
6. Мыйзам менен тыюу салынган каржылык, администрациялык жана башка ресурстарды пайдалануу менен шайлоочулардын эркин шайлоосуна таасир этүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун 2022-жылдын 27-апрелиндеги "Ахмат Киргизбаевич Алагушевдин жана Нурбек Кудайбердиевич Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Решение · 27.04.2022
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 33-т (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз…Распоряжение · 01.02.2023 · № 33-р
- По обращению гражданина Калкожоева Жалынбека о проверке конституционности Временного Положения о порядке рассмотрения вопросов об ответственности судей в Совете судей Кыргызской…Решение · 20.04.2022 · № 01-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 79 (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 10.02.2023 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү…Приказ · 23.07.2026 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 20-апрелиндеги "Жалынбек Калкожоевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын…Решение · 20.04.2022
- “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Корутундусу" (Кыргыз…Заключение · 11.06.2014 · № 321 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №272 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.06.2008 · № 272 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабры № 161 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн…Постановление · 03.12.2025 · № 161 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112213/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>