Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) Тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2023-жылдын 10-февралы № 79 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18 жана 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 79 тескемеси менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Акаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (мындан ары - мыйзамдын долбоору) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Каралып жаткан мыйзамдын долбоорунун концепциясы борбордун мэрин түз шайлоо институтун киргизүүгө багытталган. Бул максатта "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Ушуга байланыштуу белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо институту мурда практикаланып келген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 2-январындагы № 5 "Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон) ылайык биринчи жолу 1995-жылдын февралында калк тарабынан Бишкек шаарынын мэрин альтернативдик негизде шайлоо өткөрүлгөн. Бирок борбордун мэрин шайлоонун бул формасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы тең салмактуулуктун бузулушуна, борбордун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы менен мамлекеттик бийликтин борбордук органдарынын ортосундагы өз ара мамилелеринин татаалдашына алып келген. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу, борбордун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы өз ара жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 9-июлундагы № 228 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысын - Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" Жарлыгы чыккан (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон), ага ылайык Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлай баштаган. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы Конституциясы кабыл алынгандан кийин башкаруунун президенттик формасы бекемделди. Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-беренесине ылайык Президент мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналат, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт, мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-главасында шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери белгиленген. Ушул Мыйзамдын 48-беренесинде шаардын мэринин ыйгарым укуктары аныкталган, ага ылайык мэрге жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу жана чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктар берилген. Мындан тышкары ушул берененин 2-бөлүгү менен республикалык жана областтык маанидеги шаарларда шаардын мэрине шаардагы башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен ошол эле учурда акимдер үчүн каралган ыйгарым укуктар берилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин багыты мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгын, алардын өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусун көздөйт. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын, анын ичинде Бишкек шаарынын мэрин дайындоо институтун киргизүү ушул максаттарга, ошондой эле аткаруу бийлигинин вертикалын белгилөөгө, жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрлеринин ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Ушундан улам колдонуудагы мыйзамдарда мэрдин ыйгарым укуктарын толук жүзөгө ашыруунун бардык механизмдери каралган деп болжойбуз. Сунушталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу аткаруу бийлигинин вертикалын бузууга алып келет, ал жогоруда аталган Мыйзамдын концепциясына терс таасирин тийгизет. Жогоруда аталган Мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна дайындоо үчүн муниципалдык кадрлардын резервинде турган адамдардын ичинен дайындаларын белгилей кетүү зарыл. Мыйзамдын тиешелүү жоболорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 Жарлыгы менен кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана иштөө тартиби бекитилген. Андан тышкары муниципалдык резервде турган адамдарды дайындоо боюнча колдонуудагы мыйзамдар сыноодон өткөн. Республикалык маанидеги шаардын мэрин дайындоонун учурдагы системасына жүргүзүлгөн талдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ишинин натыйжаларына оң таасирин тийгизүүчү белгилүү бир артыкчылыктарды көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат. Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ болот. Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесинин 1-бөлүгү менен Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү менен Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат деп бекитилген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинде жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат деп аныкталган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Президент:
1) өзүнүн демилгеси же кеминде 300 миң шайлоочунун же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
2) Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт; Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
3) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган тартипте жана учурларда жергиликтүү кеңештерди таркатат; жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан. Президент, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат деп аныкталган. Мыйзамдын долбоорунда шаардын мэрин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бир убакта өтөт деп көрсөтүлгөн. Бул үчүн тиешелүү техникалык жабдууларды ж.б. сатып алууга кошумча финансылык каражаттары талап кылынат. Андан тышкары тез алмашкандыгына байланыштуу шаардын мэрин шайлоо бир нече жолу өткөрүүгө туура келет. Ошондой эле милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу шаардын мэрин чакыртып алуу зарылдыгы келип чыгат, бул шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизет. Ушул мыйзамдын долбоору кабыл алынса, Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдар, адам жана убакыт ресурстары талап кылынарын, ошондой эле мамлекеттик бюджетке белгилүү бир зыян алып келерин белгилейбиз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жогоруда баяндалгандан тышкары бул мыйзамдын долбоору менен "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Бишкек шаарынын мэрин тандоо жол-жоболору бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Мында ушул Мыйзам жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирилүүгө тийиш экендигин белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунда шайлоочулардын тизмелерин түзүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, добуш берүүнүн тартибин уюштуруу жана аныктоо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо, ошондой эле шайлоону каржылоо жана шайлоонун эркиндигинин кепилдиктерин камсыз кылуу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт деген жобо киргизилген, ушул мыйзам долбоору менен бир убакта "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынгандыктан, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын сактоону зарыл деп эсептейбиз. Ошондой эле мыйзамдын долбоорун тариздөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келбегендигин белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жана региондорун өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын жана аны ишке ашыруунун жол картасын бекитүү тапшырылган. Бул тапшырмага ылайык коомдун жана мамлекеттин учурдагы керектөөлөрүнө жооп берген, Кыргыз Республикасынын жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктеринде башкаруунун жаңы системасын киргизүү менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы модели жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгат. Ушуга байланыштуу бул маселеге Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн келечектеги модели аныкталып, тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандан кийин кайрылуу максатка ылайыктуу болмок. Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (13)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча…Указ · 18.10.2022 · № 350
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө","Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча…Закон · 02.07.2026 · № 98
- Указ Президента КР от 9 июля 1998 года УП № 228 "О выборах главы местного самоуправления - мэра города Бишкек"Указ · 09.07.1998 · № 228 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2021 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 2 января 1995 года УП № 5 "Об утверждении Положения о выборах глав местного самоуправления городов Бишкека и Оша"Указ · 02.01.1995 · № 5 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V