Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун «Жалынбек Калкожоевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароо тартиби жөнүндө Убактылуу Жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча» чечими
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН конституциялык сотунун
Жалынбек Калкожоевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароо тартиби жөнүндө Убактылуу Жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
ЧЕЧИМИ
2022-жылдын 20-апрели
Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту. төрагалык кылуучу -Э.Ж. Осконбаевдин. судьялар М.Р. Бобукееванын. К.А. Дуйшеевдин, Л.П. Жумабаевдин, M.Ш. Касымалиевдин. К.Дж. Кыдырбаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында. катчы Н.А. Кененсариеванын, жоопкер-тарап Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Болотбек Абдырахманович Абдуллаевдин катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жапа 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4. 17. 40. 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде Судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароо тартиби жөнүндө Убактылуу Жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Кайрылуучу тарап Жалынбек Калкожоев сот отурумунун убактысы жана өтүүчү жери тууралуу тийиштүү маалымат жеткирилгенине карабастан сот отурумуна келген жок. мында сотко келбей калуу себебин жөнү бардыгын күбөлөндүрүүчү документтер келтирилген эмес. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламентинин 70-пунктунун 3-пунктчасына ылайык сот бул ишти Ж. Калкожоевдин катышуусуз кароону мүмкүн деп эсептеди.
Жалынбек Калкожоевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде Судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароо тартиби жөнүңдө Убактылуу Жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон аныксыздык саналат.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Ж. Осконбаевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2021-жылдын 23-августунда Жалынбек Калкожоевдин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде Судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароо тартиби жөнүндө Убактылуу Жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61 -беренесинин 1-бөлүгүнө, 95-беренесинин 4-белүгүнө, 96-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде Судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароо тартиби жөнүндө Убактылуу Жобо (андан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 15-январындагы Чечиминде көрсөтүлгөн белгилердин күчүнөн улам ченемдик укуктук акт болуп саналат. Алсак, көрсөтүлгөн Чечимде ченемдик укуктук актыны мүнөздөөчү маанилүү белгилер: анын бекитилген тартип боюнча мамлекеттик бийликтин ыйгарымдуу органы тарабынан басып чыгарылуусу, андагы кандайдыр бир жактардын тобуна милдеттүү болгондугу, көп жолку колдонууга эсептелген, коомдук мамилелерди жөнгө салууга же колдонулуп жаткан укуктук мамилелерди өзгөртүүгө же токтотууга багытталган укуктук ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) бар болушу саналат деп белгиленген.
Ж. Калкожоевдин пикири боюнча Жобонун кабыл алынуусу Конституцияда каралган жарандардын соттук коргонуу укугун, анын укуктар менен эркиндиктерин сот адилеттигин адилеттүү жүзөгө ашыруу бөлүгүндө бузат. анткени аны менен судьяларды негизсиз (мыйзамсыз) юридикалык жоопкерчиликке тартуу караштырылат. Арыз ээси Конституциянын 61-беренесинин I-бөлүгүнө ылайык Конституция, мыйзамдар, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер, жалпыга таанылган эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери менен караштырылган ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоо кепилденет деп белгилейт. Ж. Калкожоев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 21-октябрындагы Чечиминде баяндалган укуктук көз карашка шилтеме жасайт, ага ылайык укуктук табияты боюнча соттук коргоого укук пайдубал мүнөзгө ээ, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын жана жарандын бардык башка укуктары менен зркиндиктерин камсыз кылууга, ал эми зарыл болгон учурда калыбына келтирүүгө жол берет. Ушуну менен Баш Мыйзамдын сот адилеттиги маселелерине туруктуу жана эң эле тыкан мамилеси түшүндүрүлөт. Анын үстүнө. судьялардын көз карандысыздык кепилдиктери Конституцияда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде каралгандай эч бир кандай жагдайларда жокко чыгарылышы же азайтылышы мүмкүн эмес.
Ж. Калкожоев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул көз карашынан келип чыгып, талашылып жаткан Жобо ар кимдин соттук коргонуу укугу тике байланыштуу. анткени сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелери Конституцияда аныкталган судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери менен тутумдаш байланышта турат деп эсептейт.
Кайрылуу субъектиси Жобо судьялардын көз карандысыздык кепилдиктерин, демек анын статусун караган Конституциянын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө да карама-каршы келет, ал эми судьянын конституциялык-укуктук статусу мыйзам чыгаруучуну судьянын статусун алууга. аны жүзөгө ашырууга жана токтотууга өзгөчө укуктук режимди орнотууну милдеттендирет лен эсептейт.
Андан ары. арыз ээси Конституциянын 96-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрү менен Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат деп белгилейт.
Судьянын кынтыксыздык жүрүм-турумунун талаптарын бузулуусу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяны жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болот. Судьяларды кызматынан убактылуу четтетүүгө. жазык жана башка жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдуту менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет. Конституциянын 86-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык конституциялык мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Ж. Калкожоев судьялардын укуктук статусун жөнгө салуучу колдонуудагы конституциялык Мыйзам болуп «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнундө» конституциялык Мыйзам саналат, ага ылайык судьяларды жоопкерчиликке тартуучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы саналат. анын курамы «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Мыйзам менен белгиленген тартипте түзүлөт. Андан да, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнундө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 8-бөлүгү менен судьяларды жоопкерчиликке тартуу тартиби «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Мыйзам менен аныкталат деп каралган..
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судьяларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелердин каралышын жүзөгө ашыруучу орган болушун белгилеген Конституциянын 103-беренесинин 2-бөлүгүнө шилтеме жасайт, Судьялар кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын иштеп турган судьяларынан түзүлөт. Ошон үчүн, кайрылуу субъектиси болжогондой, «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Мыйзам Конституцияга карама-каршы келет, демек судьяларды жоопкерчиликке тартуу бөлүгүндө колдонулушу мүмкүн змее. Арыз ээси, 2021-жылдын 5-майындагы Конституциянын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ишмердиги токтотулду, мында судьяларды жоопкерчиликке тартуу тартиби Конституциянын 96-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөй конституциялык мыйзам менен эмес, жөнөкөй мыйзам менен жөнгө салынууда.
Ж. Калкожоевдин пикири боюнча судьялардын көз карандысыздыгынын маселелерин конституциялык-укуктук жөнгө салынуусу өзгөрүлгөндө колдонуудагы мыйзамдарды Конституциянын ченемдерине ылайык келтирилгенге чейин Конституциянын устөмдук принцибин сакташ керек, ага ылайык ал жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат. Конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституциянын негизинде кабыл алынат (6-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү).
Кайрылуу субъектиси Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселелерин өз алдынча кароо боюнча Конституция менен берилген ыйгарым укуктар судьяларды өзү билгендей жоопкерчиликке тартуу тартибин аныктоо укугун бербейт, анткени бул судьялардын көз карандысыздыгынын деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет деген тыянакка келүүдө.
Ж. Калкожоев баяндалганды эске алуу менен. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде судьялардын жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди кароо тартиби жөнүндө Убактылуу Жобону Конституцияга карама-каршы келет деп табууну суранган.
Судьялар коллегиясы 2021-жылдын 26-ноябрындагы аныктамасы менен бул өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алган.
Coт отурумунда жоопкер-тараптын өкүлү Б.А. Абдуллаев бул иш боюнча өндүрүштү, токтотууну же арыз ээсинин өтүнүчүнүн кийинкидей негиздер боюнча канааттандыруусуз калтырууну суранган.
Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссия өзүнүн жумушун 2021-жылдын май айында токтоткон, ага байланыштуу милдеттүү кароого тийиштүү 400дөн ашуун кайрылуу Судьялар кеңешине өткөрүлүп берилген деп ал түшүндүрмө берген. Ошон үчүн бардык келип түшкөн кайрылууларды өз убагында жана тийиштүү кароосун камсыз кылуу максатында даттанууларды жана сунуштамаларды кароо боюнча Судьялар кеңешинин жумушун уюштуруу тартибин (процедуралык бөлүгүн) гана аныктаган Жобо кабыл алынган. Ошентип, көрсөтүлгөн Жобо карама-каршы келбестен. кайра Конституциянын ченемдеринин көрсөтмөлөрүнүн реалдуу аткарылышын камсыз кылат.
Жобону кабыл алуу судьялардын көз карандысыздыгына кол салуу эмес, себеби судьялардын көз карандысыздыгы алардын котролсуздугун жана жоопкерчиликсиздигин болжобойт. Судьяларды жоопкерчиликке тартуу мүмкүндүгү судьянын көз карандысыздыгы жана анын коом алдындагы милдеттери (жоопкерчилиги) ортосунда тең салмактуулугун камсыз кылат. Мында судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо механизминин маанилүү түзүүчүсү болуп кызыкдар жактын судьянын үстүнө даттануу менен компетенттүү органга кайрылуу мүмкүндүгү саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциянын 103-беренесине ылайык Судьялар кеңеши соттук өз алдынча башкаруунун судьялардын съезддери ортосунда иштеген жана судьялардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароону жүзөгө ашыруучу шайланма органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирди. Ушундан улам. сот тартибинде судьяларды тартип, жазык жана башка жоопкерчиликке тартyyra байланыштуу ыйгарым укуктар мурда судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын компетенциясына таандык болгон, ал эми 2021-жылдын 5-майынаи тартып судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароого милдеттүү Судьялар кеңешине өткөрүлүп берилген.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Конституция кабыл алынганга чейин колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат. Судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу тартибин караган конституциялык мыйзам жок болгондо Судьялар кеңеши жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 2-беренесинин негизинде судьяларга карата тартиптик материалдарды кароого киришкен, ал эми иш тартибин талашылып жаткан Жободо белгилеген.
А.Б. Абдуллаев Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген ченемдерди камтыбайт деп эсептейт.
Андан тышкары, ал «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренесинин 1 -бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде бул иш боюнча өндүрүштү токтотууну суранат, анткени конституциялуулугу талашылып жаткан Убактылуу Жобо Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы Чечимине ылайык күчүн жоготкон. Ал эми кайрылууну маңызы боюнча кароо боло турган учурда Ж. Калкожоевдин өтүнүчү канааттандырусуз калтырылсын.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап. иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш боюнча кароо предмет болуп Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы чечими менен бекитилгеп Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде Судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароо тартиби жөнүндө Убактылуу Жобосу саналат. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы Чечимине ылайык «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы №139 Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу көрсөтүлгөн Жобо өзүнүн колдонулушун токтоткон.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 15-январындагы Чечими менен аныкталгандай бул Жобо ченемдик укуктук актынын бардык белгилерине ээ болгон.
Судьялардын көз карандысыздыгын маселелери. бир жагынан. алардын коом алдындагы жоопкерчилиги, экинчи жагынан, ар кимдин натыйжалуу жана калыс сот адилеттигине реалдуу жетишүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттин коом алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин аткаруунун маанилүү түзүүчүсү болуп саналат. Ушуга байланыштуу, Конституциялык сот бул иш «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун натыйжасында токтотулушу мүмкүн эмес.
2. Сот адилеттигин Кыргыз Республикасында сот гана ишке ашырат. Судьялар көз караидысыз, Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет. Судья кол тийгис укугуна ээ жана кылмыш жасаган жеринен тутулган учурларды кошпогондо, кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө же жеке текшерилүүгө жол берилбейт. Эч кимдин конкреттүү иш боюнча судьядан отчёт талап кылууга укугу жок. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишине ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат (Конституциянын 94 жана 95-беренелери). Алар көз карандысыз жана алмашылгыс.
Жогоруда айтылгандар сот адилеттигинин жана аны жүзөгө ашырууга чакырылган адамдардын мамлекет жана коом үчүн ушунчалык чоң мааниге ээ экендиги априори эч кандай шек жаратууга болбой турган негиз салуучу принциптер Баш Мыйзамда көтөрүңкү жана буйруктуу көрсөтмөлөр менен баяндалганында ачык түрдө көрсөтүлүп турат.
Сот адилеттигинин жогорку социалдык функциясы чындыкты орнотууда жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдө, мыйзамдуу жана мыйзамга каршы түшүнүктөрүн аныктоодо, ар бирин жасаган ишине жараша тиешелүү жазалоодо, күнөөлүүлөрдү башкаларга да, өзүнө да, бүтүндөй коом үчүн да сабак болгудай кылып өз убагында жазалоодо, башка ыкма менен чечилбеген кагылыштарды жана талаштарды чечүүдө турат. Аны менен, сот адилеттиги тикелей таасир этип, көп учурда адамдын тагдырын гана эмес, коомдун нравалык-рухий акыбалын, андан аркы өнүгүү санбагытын. атүгүл келечек муундун тагдырын өзгөртөөрү даана көрүнүп турат.
3. Арпалышы. ички жана тышкы мазмундун, ошондой эле сот адилеттигинин кесепеттеринин тагдырга таасирин тийгизүүчү маанисинен улам. аны жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдар кандай гана бийлик болбосун, андан ашкере бийликке ээ болгон тагдырды чечүүлөргө теңештирилет.
Ушулардын баарына кошумча болуп, аларга бир дагы кызмат адамы ээ болбогон конституциялык-укуктук кепилдиктердин баарын кучагына алган спектр берилет. бул аларга сот адилеттигин жүзөгө ашырууда толук көз карандысыздыкты жана күнүмдүк турмуш-тиричилигинде ар тараптуу корголушун камсыз кылуусу керек.
Ошон үчүн сот адилеггигин жүзөгө ашыруу сыяктуу өзунүн табияты боюнча чексиз укуктуулукту токтотуп туруучу чаралар тутуму орнотулбаса, ал жалпы адамзаттык жана мамлекеттик негиздерден кайтпас четтөөлөргө, жол берүүчүлүккө, ар кандай кыянаттыктарга алып келмек, акырында ал мамлекеттүүлүктүн негиздерин бузууларга алып келмек.
Баш Мыйзам ушуларды болжоп, судьялардан өзүнүн жумушуна жана жүрүм-турумуна кынтыксыз мамилени талап кылат. Алсак, Конституциянын 96-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республпкасынын бардык сотторунун судьялары жүрүш-турушу кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьянын кынтыксыздык талаптарды бузуусу коиституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяны жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болот. Жергиликтүү соттун судьясы кынтыксыздык талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.
Судьяны жоопкерчиликке тартуу мүмкүндүгү анын өкүмчүл ыйгарым укуктарын жана жеке кол тийбестигин тең салмактоо үчүн маңызы боюнча жалгыз каражат болуп саналат жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу сыяктуу өзгөчө маанилүү мамлекеттик функцияны ишке ашырууда өз билемдикке жол бербөө максатын көздөйт. Анын үстүнө, тең салмактуулук касиетинин бузулушуна жол берилбестиктин күчүнөн улам судьялардын жоопкерчилик тутуму үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ болушу керек жана кандай гана себептер болбосун токтото турулушу мүмкүн эмес.
4. Судьяларды жоопкерчиликке тартуунун тартиби жана негиздери «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 2008-жылдын 9-июлундагы редакциясы менен белгиленген. Алсак, көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык судья тартиптик жосунда жасаганы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылчу. Мында ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тapтyy тартиби «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө Mыйзам менен белгиленген.
Жогоруда келтирилген ченемдерден улам, судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык болгон. Судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу тартиби «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Мыйзам менен белгиленген болуучу. Көрсөтүлгөн Мыйзам судьяларды жоопкерчиликке тартуу тартибинин процессуалдык маселелерин регламенттеген.
Бирок, Конституциянын 103-беренесине ылайык (2021-жылдын 5-майындагы редакцияда) судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди кароо съезддер аралыгында иштеген жана судьялардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырган, тек гана судьялардан турган судьялык өз алдынча башкаруунун шайланма oрганы - Судьялар кеңешинин карамагына өткөрүлүп берилген.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык колдонуудагы Конституция күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат. Демек, 2021-жылдын 5-майында Конституция күчүнө киргендигине байланыштуу Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын иши токлотулган, ал эми «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Мыйзам кабыл алынган Конституцияга карама-каршы келгендигинен улам судьяларды жоопкерчиликке тартуу бөлүгүндө колдонулушу мүмкүн эмес.
Баш Мыйзамдын 6-беренесине ылайык Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында туздөн-түз колдонулат. Ушул беренеде бекитилген постулат. Конституция мамлекеттин бүткүл укуктук тутумунун пайдубалын түзгөн юридикалык акт катары колдонуу процессинде түздөн-түз иштей турган саясий-укуктук документ болуп ишке ашырылат дегенди билдирет.
5. Конституциянын түздөн-түз иштөөсү коомдук мамилелердин бардык түрүнө жана бардык субъектилерине кандайдыр бир конкреттештирүүчү актыларсыз эле түздөн-түз жөнгө салуучу таасирге ээ болгон конституциялык ченемдердин тубаса ички жөндөмүн көрсөтөт, ошондой эле ушул мүмкүндүккө байланыштуу конституциялык жоболорго гана шилтеме жасайт. Ушундан улам, бийликтин органына (кызмат адамына) карата конституциялык императив иштээри келип чыгат: бийлик органы ченемдик-укуктук актынын конкреттештирүүчү ушул ченемдин жоктугуна таянып Конституциянын ченемдерин колдонулушун шарттай албайт. Алардын жоктугу Конституцияны түздөн-түз колдонуу мүмкүн эмес дегенди билдирбейт, ал өзгөчө бир бөтөнчө укуктук каражаттарды пайдаланууга байланыштуу мынлай колдонуунун башкалардан бөлөкчүлүгүн гана көрсөтөт.
Башка сөз менен айтканда, Конституциянын түздөн-түз колдонулушу тийиштүү коомдук-саясий, экономикалык, социалдык жана мамлекеттик-бийлик мамилелерди негиздөөдөн көрүнөт. Конституциялык укуктук колдонулушунун жогорку мааниси ушул. Белгилүү деңгээлде ал өлкөдө кайсы бир деңгээлде калыптанган нерселерди тариздейт, анткени Конституциянын ченемдери туруктуу, ага камтылган идеялар жана маани кандай таризделген болсо, алар ошондой иштейт жана колдонулат.
Конституциянын туздөн-түз колдонулушу мамлекеттик бийлик органдарынан өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин Конституциянын ушул касиетин коллонуп, талап кылыш мүмкүн болгон адам менен жаран үчүн өзгөчө актуалдуу. Демек. укукту жуүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн конкреттүү талаштарды чечүү үчүн Конституциянын мыйзамдуу негизде колдонуу, негизделген башкаруучулук актыларды чыгаруу үчүн ушул ченемдерди колдонуу мүмкүндүгү белгиленген, анткени Конституциянын түздөн-түз колдонулушу - бул укукту колдонуунун маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири.
Ошон үчүн Конституциянын 6-беренесинен келип чыгып, тийиштүү конституциялык Мыйзам кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жөн гана ыйгарым укуктуу болбостон, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумуна түздөн-түз контролду ишке ашыруу жөнүндө конституциялык талаптын иштешин кармап турууга милдеттүү болуучу.
Мындай учурда, укуктук кенемтени болтурбоо максатында, анткени судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселелеринде укуктук кенемтенин пайда болуусу коомдо зарыл болгон сот адилеттигинин жогорку деңгээлин кармап турууда коркунуч туудурат, ал эми жаңы ченемдик актыны кабыл алуу белгилуү убакытты талап кылса, Конституциянын түздөн-түз таасир этүү принциби иштей баштайт.
Укуктук тартиптин улантуучулук жана туруктуулук режимин белгилөө судьяларга да сөзсүз колдонулуучу жазанын кайтарылбастыгы сыяктуу маанилүү принципти камсыз кылуу жөнүндө конституциялык орнотмолордон келип чыккан зарыл чара болуп саналат.
Албетте, судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелери так процедуралык perламентацияны талап кыдат. Судьялар кеңеши ушундан келип чыгып, өзүнүн актысы менен тийиштүү конституциялык Мыйзам кабыл алынганга чейин Судьяларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди кароо тартиби тууралуу Убактылуу Жобону кабыл алган.
Талашылып жаткан Убактылуу Жобо даттанууларды жана сунуштамаларды кароо, судьяларды тартиптик жоонкерчиликке тартуу тууралуу чечимдерди кабыл алуу, судьяларга соттук тартипте салынуучу аларды жазык жана башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү, тартиптик жаза чарасын алуу жана сот органдары менен өз ара иштешүү боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жумушун уюштуруу тартибин регламенттеген.
Башка сөз менен айтканда, талашылып жаткан Жобонун укуктук жөнгө салуусу Судьялар кеңешинин жумушунун уюштуруу процедураларына тийиштүү жана жалпысынан судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун камсыз кылуу жөнүндө конституциялык тапаптарды ишке ашырууга жана алар ушул талаптарды бузган учурда болбой койбос жоопкерчилигине багытталган. Демек. арыз ээсинин аталган Жобо судьяларды өзү билгендей (мыйзамсыз) юридикалык жоопкерчиликке тартууну карайт жана жарандардын соттук коргонууга укугун бузат деген жүйөлөрү жаңылыш болуп саналат.
Талашылып жаткан Жобону кабыл алуу формасында судьялардын тартиптик жоопкерчилик маселелерин убактылуу жөнгө салуу судьялардын жана бийликтин сот бутагынын көз карандысыздыгына кол салуу катары каралышы мүмкүн эмес, конституциялык жактан маанилүү баалуулуктар көз карашынан объективдүү акталган, демек Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Судьядар кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде Судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерли кароо чарчиби жөнүндө күчүн жоготкон Убактылуу Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, 96-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылууга тийиш
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык соттун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын "Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 133
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 15.11.2021 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 59
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 15-январындагы № 2-р "жаран Ринат Изтаевич Етекбаевдин кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун…Решение · 15.01.2014 · № 02-р
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 147 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122