Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 03.04.2023 редакциясы
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 21-статья менен толукталсын:
"21-статья. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
1. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көбүрөөк болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
а) иш берүүчүлөр үчүн иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданма кызматкерлердин, анын ичинде I жана II топтогу майып-кызматкерлердин, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 0,85 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,15 пайыз;
б) пенсионер-кызматкерлерди, I жана II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
в) пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
г) I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фондго.
2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
2) 9-статьяда:
а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:
"г) 21-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз.";
б) 2-пунктта:
"а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын; "б" пунктчасынын биринчи абзацында "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөр "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына жана 21-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 2-1-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 13-статьясынын 3-пунктунун биринчи абзацы "2," деген цифрадан кийин "21," деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 03.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112002/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>