15-берене
09.08.2023 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2019 года № 106
1. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар өлкөнүн социалдык-экономикалык жана рухий дараметин арттырууга сиңирген эмгеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, билим берүү жана медицина чөйрөсүндө, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн сыйланышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган адамга "Ардак белги" төш белгиси берилет.
3. "Ардак белги" төш белгиси төштүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын ардак наамы болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин тагылат.
(КР 2019-жылдын 30-июлундагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111664/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>