1-берене
09.08.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын укуктук статусун, сыйлангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
Башка мыйзамдарда мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды киргизүүгө же белгилөөгө жол берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоодогу жана чыңдоодогу, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттыруудагы салымын, ошондой эле мамлекет жана элдин алдындагы коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердин түрүндө сиңирген эмгегин таануунун жогорку формасы болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги бар чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары сыйланышат.
4. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын белгилерин, мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга документтердин сыпаттамаларын жана үлгүлөрүн, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга көрсөтүү, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, жупнускаларды берүү жана сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тартиби менен байланышкан жоболор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
5. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленет.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 179 "Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына…Указ · 22.09.2020 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2017-жылдын 18-августундагы ПЖ № 147 "Кыргыз Республикасынын "Даңк" жана "Достук" ордендеринин үлгүлөрүн жана сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.08.2017 · № 147 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2018-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 225 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин…Указ · 06.11.2018 · № 225 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин…Указ · 24.08.2021 · № 353 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111664/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>