16-берене
09.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштамалар Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери жана парламенттик фракциялары;
3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы;
6) Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын начальниги;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилери;
9) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
11) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
12) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;
13) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
15) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.
2. "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнмө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан демилгеленет.
3. Соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга же ардак наамдарга сунуштоого жол берилбейт.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 31.03.2023 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетексичинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин…Распоряжение · 24.01.2024 · № 26
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111664/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>