Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 175 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-09.
КР 2023-жылдын 9-августундагы № 175 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 30-июлу № 106 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 27-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 759-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө "Ардак белгиси" деген сөздөр "Ардак белги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "Ардак белгиси" деген сөздөр "Ардак белги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 18-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Аскердик, кызматтык же жарандык милдетин аткарууда баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо көзү өткөндөн кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекеттин жана коомдун алдында өзгөчө эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) ыйгарыла турган "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын кошпогондо, көзү өткөндөн кийин башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жүргүзүлбөйт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 157
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 175 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 157
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 175 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.