Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
155-берене. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш адамга кылмыш жасоодон шек саналгандыгы жөнүндө маалымдалган учурдан тартып 2 айдан кеч эмес мөөнөттө аяктоого тийиш.
2. Шектүүнүн жана коргоочунун жазык ишинин материалдары менен танышуусунун мөөнөтү сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет.
3. Анын ичинде сотко чейинки өндүрүш ушул Кодекстин 237-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулган убакыт сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө киргизилбейт.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү аяктаганга чейин 7 суткадан кеч эмес берилген өтүнүчү боюнча прокурордун жүйөлөштүрүлгөн токтому менен ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
5. Төмөндөгүлөргө мөөнөтүн узартууга жол берилбейт:
1) жоруктар жөнүндө иштер боюнча - 3 айдан ашыкка;
2) анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - 6 айдан ашыкка;
3) оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - бир жылдан ашыкка.
6. Токтотулган ишти кайра жаңыртууда сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү прокурор тарабынан бир айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамы менен 155-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…учурдан тартып 2 айдан кеч эмес мөөнөттө аяктоого тийиш.
2. алынып салынды: Шектүүнүн, айыпкердин кошулду: Шектүүнүн жана коргоочунун жазык ишинин материалдары менен танышуусунун мөөнөтү … кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - бир жылдан ашыкка.
6. Токтотулган алынып салынды: же кыскартылган ишти кайра жаңыртууда сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү прокурор тарабынан алынып салынды: өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып бир айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамы менен…
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-155" title="155-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>