Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
244-берене. Шектелүүчүнү жана анын жактоочусун сотко чейинки өндүрүштүн ишинин материалдары менен тааныштыруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 34-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Ушул Кодекстин 242, 243-беренелеринин талаптары аткарылгандан кийин, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын шектелүүчүгө жана анын жактоочусуна жазык ишинин материалдарын тигилген, номерленген түрдө тизими менен бирге берет. Таанышуу үчүн, ошондой эле буюм далилдери да берилет жана шектелүүчүнүн же анын жактоочусунун өтүнмөсү боюнча тергөө аракеттеринин протоколундагы сүрөттөр, аудио-жана (же) видео жазып алуулар жана башка тиркемелер да берилет. Шектелүүчүнүн же анын жактоочусунун өтүнмөсү боюнча тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аларга жазык ишинин материалдары менен чогуу же өз-өзүнчө таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Эгерде жазык иши боюнча өндүрүшкө бир нече шектелүүчү катышса, анда аларга же алардын жактоочуларына жазык ишинин материалдарын берүүнүн ырааттуулугу тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тарабынан белгиленет.
2. Шектелүүчү жана жактоочу иштин материалдары менен таанышуу процессинде маалыматтарды көчүрүп алууга, документтердин көчүрмөсүн алууга укуктуу.
3. Шектелүүчүнү жана жактоочуну иштин материалдары менен тааныштыруу аяктагандан кийин, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын алардан арачы соттордун катышуусу менен жазык ишин сот тарабынан кароону жана башка өтүнүчтөрдү, ошондой эле дагы кандай арыздарды берүүнү каалай тургандыгы жөнүндө билдире тургандыгын тактоого милдеттүү.
Мында тергөөчү арачы соттордун катышуусу менен соттун жазык ишин кароосунун өзгөчөлүгүн, соттук отурум дайындалганга чейин соттун алдында андай өтүнмөнү билдирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө түшүндүрөт, ошондой эле шектелүүчүдөн жана анын жактоочусунан суракка алынган күбөлөрдүн жана ишке катышкан эксперттердин жана адистердин ичинен кимисин суракка алуу үчүн соттук отурумга чакырууну жана жактоочулардын позициясын тастыктоону каалай тургандыгын ачыктайт.
4. Шектелүүчү жана жактоочу иштин бардык материалдары менен таанышуусу үчүн зарыл болгон убакыттын чектелиши мүмкүн эмес. Бирок, эгерде шектелүүчү же жактоочу иштин материалдары менен таанышууну атайылап создуктурушса, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын иштин материалдары менен таанышуу үчүн жетиштүү болгон аныкталган мөөнөттү өзүнүн токтому менен белгилөөгө укуктуу. Шектелүүчүнү же анын жактоочусун жазык ишинин материалдары менен тааныштыруу убактысы ушул Кодекстин 117, 155-беренелеринде каралган учурларда сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөттөрүнө, шектелүүчүнү камакка алуу, камакта кармоо мөөнөттөрүнө эсептелет.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Шектелүүчүнү жана анын жактоочусун алынып салынды: жазык кошулду: сотко чейинки өндүрүштүн ишинин материалдары менен тааныштыруу
1. Ушул Кодекстин 242, 243-беренелеринин талаптары аткарылгандан кийин, алынып салынды: тергөөчү кошулду: тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын шектелүүчүгө жана анын жактоочусуна жазык ишинин материалдарын … да берилет. Шектелүүчүнүн же анын жактоочусунун өтүнмөсү боюнча алынып салынды: тергөөчү кошулду: тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аларга жазык ишинин материалдары менен чогуу же өз-өзүнчө таанышуу … жактоочуларына жазык ишинин материалдарын берүүнүн ырааттуулугу алынып салынды: тергөөчү кошулду: тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тарабынан белгиленет.
2. Шектелүүчү жана жактоочу иштин материалдары … жактоочуну иштин материалдары менен тааныштыруу аяктагандан кийин, алынып салынды: тергөөчү кошулду: тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын алардан арачы соттордун катышуусу менен жазык ишин сот тарабынан … жактоочу иштин материалдары менен таанышууну атайылап создуктурушса, алынып салынды: тергөөчү кошулду: тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын иштин материалдары менен таанышуу үчүн жетиштүү болгон аныкталган … шектелүүчүнү камакка алуу, камакта кармоо мөөнөттөрүнө эсептелет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-244" title="244-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>