154-берене. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүчү жер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Сотко чейинки өндүрүш кылмыш, жорук жасалган райондо жүргүзүлөт. Кыйла тездикти, объективдүүлүктү жана толуктукту камсыз кылуу максатында сотко чейинки өндүрүш кылмыш жана (же) жорук аныкталган жер боюнча, ошондой эле шектүү же күбөлөрдүн көпчүлүгү турган жер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бул иш ага караштуу эместигин аныктаган соң, кийинкиге калтырылгыс шашылыш процесстик аракеттерди жүргүзүүгө, андан кийин ишти караштуулугу боюнча жөнөтүү үчүн прокурорго берүүгө милдеттүү.
3. Тергөө амалдарынын өндүрүшүн башка райондо жүргүзүү зарыл болгон учурда, тергөөчү аларды жеке өзү жүргүзүүгө же бул амалдарды жүргүзүүнү ошол райондун тергөөчүсүнө же алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айрым тергөө жана издөө иш-аракеттерин тергөө жүргүзүлгөн жер же алар өндүрүшүнө коюлган жер боюнча алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчүнүн тапшырмасы 10 суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
154-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүчү жер
1. Сотко чейинки өндүрүш алынып салынды: кылмыш кошулду: кылмыш, жорук жасалган райондо жүргүзүлөт. Кыйла тездикти, объективдүүлүктү жана … өндүрүш кылмыш жана (же) жорук аныкталган жер боюнча, ошондой эле алынып салынды: шектүү, айыпталуучу кошулду: шектүү же күбөлөрдүн көпчүлүгү турган жер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Тергөөчү кошулду: алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бул иш ага караштуу эместигин аныктаган соң, кийинкиге калтырылгыс … же алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. алынып салынды: Тергөөчү кошулду: Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айрым тергөө жана издөө иш-аракеттерин тергөө жүргүзүлгөн жер же алар … тапшырмасы 10 суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-154" title="154-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>