Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Иш боюнча өндүрүш төмөнкү жагдайларда кыскартылууга жатат:
1) кылмыш окуясы жана (же) жорук окуясы болбогондо;
2) жосундарда кылмыштын курамы жана (же) жоруктун курамы болбогондо;
3) жазык мыйзамынан же Жоруктар жөнүндө кодекстен алып караганда, келтирилген залал укук чегинде болгондо: коргонуу зарылдыгы; аргасыз зарылдык; жеке же психикалык жактан мажбурлоо; кылмыш же жорук жасаган адамды кармоо; кызмат орду боюнча мыйзамды, буйрукту (тескемени), милдеттерди аткаруу; негиздүү тобокелчилик; атайын тапшырманы аткаруу;
4) ушул Кодексте каралган учурларда жабырлануучунун арызы жок болгондо;
5) ошол эле айыптоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же жазыктык куугунтук мүмкүн эместигин көрсөткөн соттун бузула элек чечими чыккан адамга карата;
6) ошол эле жосун боюнча ишти кыскартуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун жокко чыгарылбаган токтому чыккан адамга карата;
7) жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырган учурда каза болгон адамга карата, иш боюнча өндүрүш каза болгон адамды реабилитациялоо же башка жактарга карата ишти тергөө үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары;
8) кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата;
9) Жоруктар жөнүндө кодекстин жана Жазык кодексинин Өзгөчө бөлүктөрүнүн жоболорунан улам жазык жоопкерчилигинен бошотулууга жаткан адамдарга карата;
91) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо объектиси болгон жосундарды жасоого шектелген же айыпталган адамга карата;
10) жоруктун декриминалдашуусуна байланыштуу;
11) эгерде мунапыс жасалган жорук үчүн жаза колдонууну четтетсе, мунапыс актысынан улам;
12) эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен, анын ичинде шектелгендиги тууралуу кабарлама чыгарыла турган адам аныкталбаган жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча;
13) ушул Кодекстин 23-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Жоруктар жөнүндө кодекстин 39-беренесине ылайык тараптардын жарашуусуна байланыштуу.
14) прокурор соттук териштирүүнүн убагында айыптоону колдоодон баш тартканда.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар соттук териштирүү маалында аныкталса, сот ишти териштирүүнү аягына чейин жеткирип, актоо өкүмүн чыгарат.
3. Эгерде шектүү же айыпталуучу буга каршы чыкса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 10, 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Бул учурда иш боюнча өндүрүш, тиешелүү негиздер болгондо, актоочу өкүмдүн же айыптоочу өкүмдүн токтому менен, соттолгонду жазасын өтөөдөн бошотуу менен уланат же аяктайт.
3-1. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар реабилитациялоочуларга тиешелүү.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16-декабрындагы (Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Сот практикасы · Решение · 16.12.2020 · № 10-р
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
- 23-берене. Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.03.2021 · № 29
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>