237-берене. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуп туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 мая 2019 года № 62
1. Сотко чейинки өндүрүш төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо токтотула турат:
1) шектелүүчү тергөөдөн жашынса жана анын турган жери белгисиз болсо;
2) мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген врач тарабынан күбөлөндүрүлгөн тергөө жана башка процесстик аракеттерге катышуусуна жолтоо болгон шектелүүчүнүн убактылуу психикалык же башка катуу оруусу болсо;
3) шектелүүчүнүн жүргөн жери белгилүү болсо, бирок шектүүнүн иммунитетинен ажыратуу жана (же) чет мамлекетке берүү жөнүндө маселени чечүүгө байланыштуу же болбосо жазыктык артынан түшүүнү улантуу үчүн чет мамлекетке иштин материалдарын жөнөтүүдө анын жазык ишине катышуусунун реалдуу мүмкүнчүлүгү жок болсо;
4) (КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамына ылайык күчун жоготту)
2. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат, анын көчүрмөсүн прокурорго жөнөтөт.
3. Эгерде иш боюнча эки же бир нече шектелүүчү тартылса, ал эми токтото туруу үчүн негиздер шектелүүчүлөрдүн бардыгына эле таандык болбосо, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айрым шектелүүчүлөргө карата ишти өз-өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө же ишти токтото турууга же эгер бардык шектелүүчүлөрдүн катышуусуз сотко чейинки өндүрүштү улантуу мүмкүн болбогондо, бардык иш боюнча өндүрүштү токтото турууга укуктуу.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда, сотко чейинки өндүрүш анын мөөнөтүнүн бүткөндүгү боюнча гана, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарында каралган учурларда, иш сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү бүткөнгө чейин деле токтотулушу мүмкүн.
5. Сотко чейинки өндүрүштү токтотууга чейин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы шектелүүчү, айыпталуучу жок кезде мүмкүн болгон өндүрүштүн бардык тергөө аракеттерин аткарууга милдеттүү.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
237-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-237" title="237-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>