70-берене. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза соттолгон адамды коомдон мажбурлап обочолонууну жана аны өкүмдө белгиленген мөөнөткө жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жайгаштырууну билдирет.
2. Эркиндигинен ажыратуу алты айдан он беш жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.
3. Эркиндигинен ажыратуу жазанын мөөнөттөрү боюнча алты категорияга бөлүнөт:
1) I категория: жашы жетелектер үчүн - бир жыл алты айга чейин, башка адамдар үчүн - эки жыл алты айга чейин;
2) II категория: жашы жетелектер үчүн - бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка адамдар үчүн - эки жыл алты айдан беш жылга чейин;
3) III категория: жашы жетелектер үчүн - эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, башка адамдар үчүн - беш жылдан жети жыл алты айга чейин;
4) IV категория: жашы жетелектер үчүн - төрт жылдан алты жылга чейин, башка адамдар үчүн - жети жыл алты айдан он жылга чейин;
5) V категория: жашы жетелектер үчүн - алты жылдан сегиз жылга чейин, башка адамдар үчүн - он жылдан он эки жыл алты айга чейин;
6) VI категория: жашы жетелектер үчүн - сегиз жылдан он жылга чейин, башка адамдар үчүн - он эки жыл алты айдан он беш жылга чейин.
4. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды дайындоодо эркиндигинен ажыратуу мөөнөттөрүн жарым-жартылай же толук кошкон учурунда эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтү жыйырма жылдан ашпоого тийиш.
5. Эркиндигинен ажыратуу жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде өтөлөт. Жазаны өтөө орду жана шарттары Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде аныкталат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
70-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-70" title="70-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>