72-берене. Жазаны дайындоонун жалпы башталышы
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот жазаны кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчилик каралуучу ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде белгиленген чектерде, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындайт.
2. Жазаны дайындоодо сот жазанын алдын алуучу максаттарын эске алуу менен жосун күнөөнүн даражасына жана келтирилген зыяндын даражасына жараша жазанын шайкеш келүүсүн эске алуусу зарыл.
3. Ушул Кодекстин 64-беренесинде каралган жазанын катуураак түрү качан жазанын жеңилирээк түрү максатка жетүүнү камсыз кыла албаган учурда гана дайындалышы мүмкүн.
4. Эгерде адам жазык жоопкерчилигине тартылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) кылмыштын курамы катары жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар каралса, анда бул жагдайлар жазаны дайындоодо көңүлгө алынбайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты…Постановление · 03.03.2018 · № 44
- Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндөЗакон · 27.07.2009 · № 254 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>