65-берене. Карызкордун мүлкүн өндүрүп алуунун тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 10-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Карызкордун мүлкүнө өндүрүп алуу мүлктү алып коюуну жана/же аны мажбурлап сатууну же болбосо өндүрүп алуучуга өткөрүп берүүнү камтыйт.
2. Карызкордун мүлкүн өндүрүп алуу карызга тең өлчөмдө, башкача айтканда аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, аткаруучу жыйымдарды жана аткаруучу документти аткаруу процессинде сот аткаруучу салган айыптарды өндүрүп алууну эске алуу менен аткаруучу документте камтылган талаптарды аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жүргүзүлөт.
3. Аткаруу документтери боюнча карызкордун мүлкүн өндүрүп алуу биринчи кезекте анын улуттук валютадагы жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан жана башка баалуулуктардан, анын ичинде банктардагы эсептердеги, салымдардагы же сактоодо турган баалуулуктардан өндүрүп алынат.
Карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын өндүрүп алуу анда улуттук валютадагы акча каражаттары жок же жетишсиз болгондо жүргүзүлөт. Карызкордун башка баалуулуктарынан өндүрүп алуу анда улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары жок же жетишсиз болгондо жүргүзүлөт. Башка баалуулуктарды (баалуу металлдар жана асыл таштар, бермет, алардан жасалган буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары) өндүрүп алуу аларды сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт.
4. Карызкордо акча каражаттары жана башка баалуулуктар жок же жетишсиз болгондо ага менчик укугунда таандык болгон башка мүлктөн, колдонуудан алынып салынган мүлктү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайда жана кимдин иш жүзүндөгү ээлик кылуусунда жана/же пайдалануусунда турганына карабастан өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон мүлктү кошпогондо жүргүзүлөт.
5. Эгерде карызкор жалпы менчик укугунда ага таандык болгон мүлккө ээ болсо, анда өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 274-статьясына ылайык аныкталуучу карызкордун үлүшүнөн өндүрүп алынат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
65-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана башка баалуулуктар жок же жетишсиз болгондо ага менчик алынып салынды: укугунда, чарба жүргүзүү жана/же оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон башка мүлктөн, колдонуудан алынып салынган … ылайык аныкталуучу карызкордун үлүшүнөн өндүрүп алынат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 495 "Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын…Постановление · 22.10.2018 · № 495
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 24 ноября 2021 года №15 "О некоторых вопросах применения законодательства Кыргызской Республики при рассмотрении заявлений об…Постановление Пленума Верховного суда · 24.11.2021 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 261-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 23.07.2018 · № 261-б
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 495 токтомуПостановление · 22.10.2018 · № 495
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-65" title="65-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>