64-берене. Мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттери
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 10-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Аткаруучу документ боюнча өндүрүп алууга жаткан мүлктү карызкордон алуу максатында аткаруу документинде көрсөтүлгөн иш-аракеттер же сот аткаруучу жасаган иш-аракеттер мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруучу иш-аракеттер (мындан ары - мажбурлап аткартуучу чаралар) болуп саналат.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, мажбурлап аткартуучу чаралар аткаруу документи кабыл алынгандан жана аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин сот аткаруучу тарабынан колдонулат.
3. Мажбурлап аткартуучу чаралар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) аткарылуучу документти аткаруу үчүн карызкордо же үчүнчү жактарда турган карызкордун мүлкүнө камак салуу;
2) карызкордун камакка алынган мүлкүн же болбосо өндүрүп алуучуга ыйгарылган мүлктү алып коюу;
3) карызкордун мүлкүн, анын ичинде улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын өндүрүп алуу;
4) эмгектик, жарандык-укуктук же социалдык укук мамилелерден улам карызкор алуучу мезгил-мезгили менен төлөөлөрдөн өндүрүп алуу;
5) карызкордун мүлктүк, анын ичинде төмөнкүдөй укуктарын өндүрүп алуу:
а) өндүрүп алуучу катары чыккан аткаруу өндүрүшү боюнча төлөмдөрдү алуу укугун;
6) жалдануу, ижара боюнча төлөмдөрдү алуу укугун;
в) интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана жекелештирүү каражаттарына өзгөчө укуктарды;
б) мүлккө, анын ичинде баалуу кагаздарга укугунун ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте карызкордон өндүрүп алуучуга өтүшүн каттоо үчүн каттоочу органга кайрылуу;
7) эгерде бул иш-аракет карызкордун жеке катышуусуз жасалышы мүмкүн болгон учурда, аткаруучу документте көрсөтүлгөн иш-аракеттерди карызкордун атынан же анын эсебинен жасоо;
8) мүлктү мөөрлөп басып бекитүү;
9) укук белгилөөчү документтерди алып коюу;
10) өндүрүп алуучунун турак жайга мажбурлап кирүүсү;
11) карызкорду турак жайдан мажбурлап чыгаруу;
12) турак эмес жайды, сактоочу жайды аларда карызкордун жана анын мүлкүнүн болуусунан бошотуу;
13) мыйзамда же аткаруу документинде каралган башка иш-аракеттер.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
64-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 24 ноября 2021 года №15 "О некоторых вопросах применения законодательства Кыргызской Республики при рассмотрении заявлений об…Постановление Пленума Верховного суда · 24.11.2021 · № 15
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-64" title="64-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>