74-берене. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 10-глава
1. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу карыздын өлчөмүндөгү дебитордук карызды карызкордун алуу укугунун өндүрүп алуучуга өтүүсүндө турат, бирок өндүрүп алуу күнүнө орун алган дебитордук карыздын көлөмүнөн ашпайт жана ошондой эле шарттарда.
2. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) өндүрүп алуучунун макулдугу болгондо - дебитордун дебитордук карызын депозиттик эсепке төгүү (которуу) жолу менен;
2) өндүрүп алуучунун макулдугу болбогондо же дебитордун дебитордук карызын депозиттик эсепке төкпөгөндө (которбогондо) - дебитордук карызды электрондук тоорукта сатуу жолу менен.
3. Төмөнкү учурларда дебитордук карыздан өндүрүп алуу жүргүзүлбөйт:
1) өндүрүп алуу үчүн доомат коюунун мөөнөтүнүн эскириши;
2) дебитор Кыргыз Республикасы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим түзбөгөн чет мамлекетте турса;
3) дебитор жоюлуу процессинде турса;
4) дебитор юридикалык жак катары өз ишин токтотсо жана юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарылса;
5) дебиторго карата банкроттук жол-жобосу киргизилсе.
4. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат, анда дебитордун депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүүсүнүн (которуусунун) тартибин көрсөтөт. Көрсөтүлгөн токтом ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен дебиторго жана аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.
5. Сот аткаруучу өзүнүн токтому менен дебиторду депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүү (которуу) жолу менен тиешелүү милдеттенмелерди аткарууга милдеттендирет, ошондой эле карызкордун алардын негизинде дебитордук карыз келип чыккан укуктук мамилелерди өзгөртүүсүнө тыюу салат.
6. Дебитордук карызды өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун дебитор алган күндөн тартып дебитордун тиешелүү милдеттенмелерди аткаруусу депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүү (которуу) жолу менен жүзөгө ашырылат. Дебитордун милдеттенмелерди мындай аткаруусу кредиторго талаптагыдай аткаруу деп эсептелет. Мында дебитордун карызкорго карата укуктары өзгөрбөйт.
7. Дебитор депозиттик эсепке акча каражаттары түшкөнү (которулганы) жөнүндө сот аткаруучуга жана карызкорго токтоосуз маалымдоого милдеттүү.
8. Ушул берененин 1-7-бөлүктөрүнө ылайык депозиттик эсепке дебитор акча каражаттарын которгон учурду кошпогондо, дебитордук карыздын баасы мүлктүк укукту баалоо жөнүндө сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн дебитордук карыздын наркынан аз болушу мүмкүн эмес.
Дебитордук карыздын баасы дебитор которгон акча каражаттарынын суммасына карата карызкордун алдындагы дебитордун негизги карызынын суммасына карата пропорциялуу азаят. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")Редакцияларды салыштыруу
16.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…депозиттик эсепке төкпөгөндө (которбогондо) - дебитордук карызды кошулду: электрондук тоорукта сатуу жолу менен. 3. Төмөнкү учурларда дебитордук карыздан … дебитордун негизги карызынын суммасына карата пропорциялуу азаят. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-74" title="74-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>