Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
61-берене. Карызкордун камакка алынган мүлкүн баалоо
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Өндүрүп алуу жүргүзүлүүчү карызкордун мүлкүн баалоо сот аткаруучу тарабынан дайындалуучу эксперт, адис, баалоочу (мындан ары - баалоочу) тарабынан жүргүзүлөт.
Баалоочуну дайындоо жана мүлктү баалоону жүргүзүү жөнүндө сот аткаруучу токтом (мындан ары - баалоо жөнүндө токтом) чыгарат, тапшырылганы жөнүндө кабарландыруу менен чыгарылган учурдан кийинки күндөн кечиктирбестен ал аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет. Эгерде тараптар мүлктүн наркы жөнүндө макулдашууга жетишсе, сот аткаруучу баалоо жөнүндө токтом чыгарбайт. Тараптар жана/же алардын өкүлдөрү мүлктү баалоо жөнүндө жазуу жүзүндө макулдашуу түзүшөт жана ага кол коюшат.
2. Сот аткаруучу жазуу жүзүндө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жазуу жүзүндөгү билдирүү алган учурдан баштап беш жумушчу күндүн ичинде өзүнүн баалоочусун сунуштоо тууралуу алардын укугун, ошондой эле баалоочуну тартуу жана баалоочунун кызматын төлөө боюнча чыгымдар баалоочуну сунуш кылган аткаруу өндүрүшү тарабынан жүргүзүлө тургандыгын түшүндүрөт.
Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн тараптары өздөрүнүн баалоочуларын көрсөтпөсө, анда сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын ал тарабынан дайындалган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү баалоо боюнча кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзгөн баалоочуга же баалоочу уюмга жиберет, мында төмөнкүлөр жөнүндө эскертет:
- баалоочу катары тартылган экспертти, - корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчилиги жөнүндө;
- баалоочу катары тартылган адисти, - билип туруп жалган көрсөтмө берүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчилиги жөнүндө;
- баалоочуну, - келишимде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилиги жөнүндө.
3. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн тараптары (же тараптарынын бири) баалоочуларды (баалоочуну) сунушташса (сунуштаса), анда сот аткаруучу баалоо жөнүндө токтом чыгарат жана мыйзамда белгиленген жоопкерчилик жөнүндө баалоочуларга (баалоочуга) эскертүү менен аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын баалоочуга жиберет.
4. Бир нече баалоочулар тартылган жана баалоочулардын бир нече корутундусу же көрсөтмөсү алынган учурда, сот аткаруучу баалоочулардын корутундуларынын же көрсөтмөлөрүнүн негизинде баалоо объектисинин орточо наркын аныктайт жана тиешелүү токтом кабыл алат, ал аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.
Баалоо объектисинин орточо наркы жөнүндө токтомду алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде, тараптар же аткаруу өндүрүшүнүн тарабы сот аткаруучуга баалоо объектисинин орточо наркы менен макул эместигин билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын жана алынган баалоолорду алар дайындаган, мажбурлап аткаруу органы менен баалоо кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн баалоочуга же баалоочу уюмга жиберет.
5. Баалуу кагаздардын уюштурулган рыногунда жүгүртүлгөн баалуу кагаздардын наркы баалуу кагаздар рыногундагы тооруктарга жол берилген баалуу кагаздардын тизмесине киргизилген тиешелүү баалуу кагаздары баалуу кагаздар рыногундагы тоорукту уюштуруучудан баалуу кагаздарга бааны суроо-талап кылуу жолу менен сот аткаруучу тарабынан белгиленет.
Ачык жана интервалдык пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайлык наркы сот аткаруучу тарабынан тиешелүү инвестициялык фондду башкаруучу компаниядан инвестициялык пайларга бааны суроо-талап кылуу жолу менен белгиленет. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-61" title="61-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>