60-берене. Жаныбарларга камак салуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 9-глава
1. Сот аткаруучу жаныбарларды тизмектөөдө жана камак салууда төмөнкү маалыматтарды киргизет:
1) тизмекте жаныбардын номерин (белгисин, энин), жаныбардын каймана атын, туулган жылын, тукумун, семиздигин, малдын тирүүлөй массасын (салмагын) (алар боюнча массасы (салмагы) көрсөтүлбөгөн жылкыдан, төөдөн тышкары) жана баштапкы наркын көрсөтүү менен азык алынуучу чоң жана жумушчу мал; тукуму малдын бонитирлөө маалыматтарынын негизинде көрсөтүлөт;
2) мүйүздүү ири мал, жумушчу мал, кой, чочко, башка жаныбарлардын өзгөчө баалуу экземплярлары жана тукумдары тизмекке жекече киргизилет; топтук тартипте эсепке алынуучу негизги үйүрдүн башка жаныбарлары ар бир топ боюнча мал башынын санын жана тирүүлөй массасын (салмагын) көрсөтүү менен жаш жана жыныс топтору боюнча актыга киргизилет;
3) мүйүздүү ири жаш мал, жумушчу жаш мал инвентардык номерлерин, каймана аттарын, жынысын, өңү-түсүн, тукумун жана малдын башка жеке белгилерин көрсөтүү менен тизмекке өзүнчө киргизилет;
4) байланган мал, жаш чочколор, койлор жана эчкилер, канаттуулар жана топтук тартипте эсепке алынуучу малдын башка түрлөрү эсепке алуу регистрлеринде кабыл алынган номенклатурага ылайык ар бир топ боюнча мал башынын санын жана тирүүлөй массасын (салмагын) көрсөтүү менен тизмекке киргизилет. Камакка алууну жүргүзүүдө сот аткаруучу камакка алынган мал ушул беренеге ылайык кайсы кезекке таандык экенин белгилөөгө тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн малдын бардык жеке белгилерин аныктоо мүмкүн болбогондо, сот аткаруучу тизмекке ал белгилей алган маалыматты көрсөтөт.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-60" title="60-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>