Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
62-берене. Карызкордун камакка алынган мүлкүн сактоого өткөрүп берүү
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 9-глава
1. Карызкордун камак салынган мүлкү мүлктү камакка алуу жөнүндө актыга карызкорго же анын жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнө же өндүрүп алуучуга, башка адамдарга (алардын макулдугу менен) же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы кайтарууга же сактоого келишим түзгөн адамдарга кол койдуруу менен жооптуу сактоого өткөрүп берилет.
2. Карызкордун мүлктүк укуктарынын бар экенин жана көлөмүн ырастаган документтерди, ошондой эле документтүү баалуу кагаздарды сактоо, алардын сакталышын камсыз кылган шартта сот аткаруучулар бөлүмүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Камакка алынган мүлк сот аткаруучу тарабынан жооптуу сактоого өткөрүп берилген адам бул мүлктү сот аткаруучунун жазуу жүзүндө берилген макулдугусуз пайдалана албайт.
Сот аткаруучу депозитарийге сактоого берилген баалуу кагаздарга карата, ошондой эле мүлктү пайдалануу анын касиеттеринен улам ушул мүлктү жок кылууга же баалуулугун азайышына алып келген учурда, мындай макулдукту берүүгө укуксуз.
4. Камакка алынган мүлк сот аткаруучу тарабынан жооптуу сактоого өткөрүп берилген адам, эгерде карызкор же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсү мындай болуп саналбаса, көрсөтүлгөн мүлктү кайтаруу же сактоо боюнча сыйакы алууга жана тарткан чыгашаларынын ордун төлөтүп алууга укугу бар.
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-62" title="62-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>