Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРДИН «Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК 2018-жылдын 24-июлу № 108 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу", "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына кенемтелерди жана коллизияларды табуу предметине талдоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча табылган кенемтелерди жана коллизияларды четтетүү боюнча сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко төмөнкүдөй укук берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, башка уюмдардан жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эл аралык уюмдар менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин техникалык жана финансылык колдоо жөнүндө маселелерди иштеп чыксын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
М.Мукамбетов
Тиркеме Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Скобеев Егор Леонидович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Бекташев Талант Изатиллаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы;
Орозов Бахтияр Сайпидинович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
Термечикова Бактыгүл Урустенбековна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мыйзам чыгаруу, соттук практиканы жалпылоо, соттук статистиканы талдоо иштери жана Пленумдун ишин камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын кылмыш иштери боюнча соттук практиканы жалпылоо боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Жусупбекова Чолпон Жапарбековна
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын сот органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Жумабаев Айбек Сапарбекович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыкчам-издөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын прокурору (макулдашуу боюнча);
Айдаров Эрнис Мурзабекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Набитаева Айсулуу Куватбековна
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, укук коргоо органдары жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзам чыгаруу башкармалыгынын башкы адиси;
Бердалиев Кайрат Чолпонкулович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
Сагынбаева Аида Чоюнбековна
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы инспектору;
Сардарбеков Нурсултан Сардарбекович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Өмүрбекова Индира Табышовна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн инспектору;
Кутбердиева Медина Мирлановна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Райымкулов Билим Сардалбекович
-
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сыдыкова Лейла Чынтургановна
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформалар боюнча кеңешинин мүчөсү, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору (макулдашуу боюнча);
Сманалиев Кынатбек Мойнокович
-
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);
Кулбаев Аслан Касымалиевич
-
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин деканынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Сапарбаев Батыр Кенесариевич
-
Пенитенциардык система маселелери боюнча эксперт (макулдашуу боюнча);
Эсенбекова Асия Таштанбековна
-
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын кылмыш-жазык укугу кафедрасынын башчысы;
Летова Ирина Витальевна
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Тенизбаев Бектур Алматаевич
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндөЗакон · 20.01.2017 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Пробация жөнүндөЗакон · 24.02.2017 · № 34
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2019 · № 151
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон