6-берене. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам колдонулбаган соттолуучулардын жана соттолгондордун чөйрөсү
Күчүндө · 04.04.2025 редакциясы
1. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам төмөнкү соттолуучуларга жана соттолгондорго карата колдонулбайт:
1) мурда мунапыс берүү же ырайым кылуу колдонулгандарга;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго;
3) эки же андан ашык кылмыш жасагандарга, эгерде алардын жок дегенде бирөө мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонушуна туура келбесе;
4) аларга карата тарбиялоо же медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулгандарга;
5) жазаны өтөө режимин кыянаттык менен бузгандар деп таанылгандарга.
2. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам аларга карата коопсуздук чаралары колдонулган соттолуучуларга же соттолгондорго жайылтылбайт.
3. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам кылмыштык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган юридикалык жактарга колдонулбайт.
Берененин тексти 04.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 09.02.2024 · № 42
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 08.05.2020 · № 53
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111514/st-6" title="6-берене - Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>