Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, „Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 21-июлу № 129 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 92-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчет болуп саналат, анын максаты - субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалымат берүү.";
б) 2-бөлүгүндө:
4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жак;
5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктүк объекти бар жеке жак.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүнө ылайык ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун максаттары үчүн салык салуунун объекти болуп саналган мүлк мүлктүн объекти деп түшүнүлөт.";
2) 161-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар, киреше алган жеке жак-резидент;";
3) 162-берененин 1-пунктунда:
а) "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке адам-резидент үчүн;";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:
"а-1) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке адам-резидент үчүн;";
4) 184-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "туруктуу мекемеге байланышпаган" деген сөздөр "ушул уюмдун туруктуу мекемесине байланышпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 185-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу өз ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм.".
2-берене. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 8-беренеде: берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын: "3-1. 2016-жылдан тартып башталган мезгилге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча талаптары муниципалдык кызматчыларга жайылтылат."; 4-бөлүгүндө: "2015" деген цифралар "2019" деген цифраларга алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "2019-жылдан тартып башталган мезгилге бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер 2019-жылга чейин бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.".
3-берене. Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 31-декабрындагы № 157-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 31.12.2015 · № 157-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 8-июнундагы № 660-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 08.06.2016 · № 660-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 31-декабрындагы № 159-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 31.12.2015 · № 159-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 537-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 18.05.2016 · № 537-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 749-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 22.06.2016 · № 749-VI
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
- 2016-жылдын 3-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.02.2016 · № 50 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 685 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 16.12.2016 · № 685 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 100 "«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 13.02.2017 · № 100 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон