Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-февралы № 50 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамдын долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри
Т.Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 92-беренеде:
- 1-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчёт болуп саналат, анын максаты субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалыматтарды берүү.";
- 2-бөлүмүндө:
2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашоо укугуна же кайрылман статусуна ээ болгон жеке жактар;
5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктүк объектиге ээ болгон жеке жактар.";
- 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 161-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген, Кыргыз Республикасында жашоо укугуна же кайрылман статусуна ээ болгон, киреше алган жеке жак-резидент;";
3) 162-беренесинин 1-пунктундагы:
- "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген, Кыргыз Республикасында жашоо укугуна же кайрылман статусуна ээ болгон жеке жак-резидент үчүн;";
- төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:
"а-1) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген, жеке жак-резидент үчүн;". 2-берене. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 8-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. 2015-жылдан берки мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары муниципалдык кызматчыларга таркатылат.";
- 4-бөлүгүндө:
"2015" деген цифралар "2019" деген цифралар менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "2019-жылдан берки мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү болгон субъекттер 2019-жылга чейин бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.". 3-берене.
1. Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 8-июнундагы № 660-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 08.06.2016 · № 660-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 537-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 18.05.2016 · № 537-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 749-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 22.06.2016 · № 749-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 21.07.2016 · № 129 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон