1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 92-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчет болуп саналат, анын максаты - субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалымат берүү.";
б) 2-бөлүгүндө:
4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жак;
5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктүк объекти бар жеке жак.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүнө ылайык ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун максаттары үчүн салык салуунун объекти болуп саналган мүлк мүлктүн объекти деп түшүнүлөт.";
2) 161-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар, киреше алган жеке жак-резидент;";
3) 162-берененин 1-пунктунда:
а) "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке адам-резидент үчүн;";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:
"а-1) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке адам-резидент үчүн;";
4) 184-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "туруктуу мекемеге байланышпаган" деген сөздөр "ушул уюмдун туруктуу мекемесине байланышпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 185-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу өз ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111408/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>